Коргонуу каражаттарынын начардыгын айткан медикти кечирим суратышты

Твиттер социалдык тармагында кыргыз медиктеринин бири ага берилген бет каптын сапатына даттанган.

Ал твит жарыялагандан кийин ага карата кысым болгонун билдирген, ал эми көп өтпөй анын аккаунту өчүрүлгөн. Аккаунту өчүрүлгөнгө чейин медик башкы дарыгерге кирип чыгышы керек болгон.

Натыйжада медик ыктымал так эмес маалымат үчүн кечирим суроого аргасыз болгон видео жарык көргөн.

Депутат Дастан Бекешев жаш медикке болушууга даяр экенин билдирди.

Соцтармактардагы билдирүүлөр үчүн кысым көрсөтүүлөр

Бул дарыгерлер же алардын жакындары сапаты начар коргонуу каражаттары же алардын жетишсиздиги тууралуу билдирүүлөр үчүн кысым көрсөтүү болуп жатат деп даттанган алгачкы учур эмес. Анткен менен, бийликтин өзү, ошондой эле премьер-министр дагы коргоо каражаттарынын жетишсиздигин мойнуна алган. Анткен менен жакында эле Абылгазиев «азыр баары жетиштүү» деп айткан, бирок өлкөдө жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз экенин мойнуна алган.

Мисалы, соцтармактардын колдонуучулары аларга УКМКнын кызматкерлери келип же аларды издеп «кырдаалды курчутпоо» үчүн коргонуу каражаттар менен камсыздоо жетишсиз болуп аткандыгы жөнүндө жазбоону суранышканын айтып бергендер көп. Ал эми ведомствонун өзү «фейк» маалыматтарды тараткан адамдарды тапканы тууралуу бир нече жолу отчёт берип, социалдык тармактарда алардын кечирим сурап жатканы тартылган видеолорду жарыялашкан.

УКМКнын аракеттерин жыйындардын биринде депутат Элвира Сурабалдиева менен Дастан Бекешев сынга алышкан. Депутаттар атайын кызматтын адамдарга ашыкча кысым көрсөтүп атканын айтышкан. Ал эми Сурабалдиева ведомство врачтарды алдоого мажбурлаганын билдирген.

Ошондой эле Сурабалдиева ведомство Сокулуктун тургунун ошол райондогу вирус жуктуруп алган адам тууралуу фейк үчүн кечирим суратышканын айтып берген. Бирок депутат Сокулукта болуп келген жана коронавирус жуктуруу учуру катталганын билет. Чындыгында эле Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү буга чейин жергиликтүү акимиат обочолонгонун кабарлаган. Ага аткаминерлердин биринин жубайында инфекция аныкталганы себеп болгон.

Абройду түшүрүү

Кыргызстанда коронавирус жуктурган медиктердин саны 79 адамга жетти. Алардын бир бөлүгү жакында эле вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аброюбузду түшүрүп, жалган маалымат берип жатат деп арызданышкан. Аткаминер Оштогу балдар стационарынын врачтары доктурлардын бири жуктурган адамдын үйүндө конокто болгондуктан коронавирус жуктурушканын билдирген. Кеп жумуштан тышкары жүрүп жуктургандарга компенсациялык төлөмдөр берилбей турганында болууда.

Аткаминердин билдирүүсү дарыгерлерди нааразы кылып, алар кесиптешин коргоп чыгышкан. Дарыгерлердин айтымында, ал ооруну жумушта жугузуп алган, анткени ал жумушта коронавируска чалдыккан дааватчылар менен байланышкан. Ал эми оор абалда болгон медкызматкер билдиргендей, ал жетекчилигине вируска текшерилип, карантинге кетиши керектигин айткан, бирок аны укпай коюшкан.