Ошто 12 700 унаага өткөрмө кагазы берилди. Алардын ээлери кимдер?

Сүрөт: Ош ШИИБ

Коронавирустун жайылышынан улам 25-марттан тартып Кыргызстандын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Анын ичинде Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондору да бар.

Өзгөчө абалдын тартибине ылайык унаалардын кыймылына чектөө коюлган. Ал эми санитардык-карантиндик блок-посттордон тоскоолдуксуз өткөрмө уруксат кагаздарына ээ болгон унаалардын ээлери гана өтө алышат.

Оштун комендатурасынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев «Клоопко» билдиргендей, 12-апрелге карата 12 700 унаага өткөрмө кагазы берилди. Алардын ичинен 7 миңдейин медицина кызматкерлери, 500гө жакынын күнү-түнү жүрө алышкан милиционерлер алышкан. Калгандары айыл-чарба багытында иштегендерге, азык-түлүк ташыгандарга, балчыларга, дыйкандарга, дүкөн иштеткендерге, мамлекеттик ишканаларда иштегендерге жана кайрымдуулук иш менен алек болгон жарандарга берилген.

Өткөрмө кагаздары кантип көзөмөлдөнөт?

Уруксат кагазга номер берилет. Аны менен өткөрмө эмне себептен алынганын билсе болот. Эгерде иш жүзүндө унаанын кыймылы менен өткөрмө кагаздын максаты дал келбей калса анда уруксат кагазы алынат. 12-апрелге карата Ош комендатурасы 4 өткөрмө кагазын жокко чыгарган. Ошондой эле он жасалма пропуск аныкталып сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Банкка унаа менен барса болобу?

Оштун комендатурасынан жөнөкөй жарандардын жеке унаалары менен жүрүүсүнө да чектөө киргизилгенин маалымдашты. Тургундарга жашаган жериндеги азык-түлүк дүкөндөрүнө жана дарыканага баруу сунушталат. Бирок банкка маршруттук баракча толтуруп алып, маска тагынып унаа менен барса болот дешти. Бирок банкка барганда социалдык аралыкты сактоо (адамдар бири-биринен 2 метр алыстыкты кармануусу) зарыл.

«Шаадын ичинде дагы өтө кооптуу жайлар бар, оору чыккан. Ошол жерлерден чыгуу жана кирүү өтө катуу көзөмөлгө алынып жатат. Себеби обсервацияда жаткандар менен байланышта болгон адамдар такталмайын дагы башкалар менен контакт болуп кетпесин деп ушул чаралар көрүлүп жатат», — деп кошумчалады Аширбаев.

Пенсиямды кантип алам?

Комендатурадан айлык акыларды, пенсияны жана жөлөкпулду почтанын кызматкерлери жер-жерлерге жеткирип беришет деп ишендиришти. Ошондой эле аймактарда терминалдарды көбөйтүү маселеси да каралып жатканын айтышты.

Ооруканага баруу үчүн өткөрмө кагазы талап кылынабы?

Мисалы гемодиализ алган жарандар өткөрмө кагазы жок, аймактык дарыгердин гана аныктамасы менен тоскоолдуксуз жеке унаалары менен ооруканага келип кете алышат. Бул адамдын өмүрү менен байланышкан медициналык процедураларды алгандардын баарына тиешелүү.