Түркия Бишкектеги оорукананы Кыргызстанга өткөрүп берди. Бирок ал дагы деле жабык турат

Жаңы кыргыз-түрк ооруканасы №1 шаардык оорукананын аймагында жайгашкан. Сүрөт: Эржан Бейшеналиев / «Клооп»

Түркиянын элчилиги марттын аягында коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн Бишкектеги жаңы оорукананы Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берип жатканын билдирген. Бирок оорукананын имараты бейтаптар үчүн дагы деле жабык бойдон турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинов «Клоопко» билдиргендей, оорукананын ачылышы тууралуу чечимди республикалык штаб кабыл алат.

Анын айтымында, азырынча бул оорукананы ачуу муктаждыгы жок, анткени Бишкекте COVID-19 аныкталган бейтаптар үчүн орун жетиштүү.

«Учурда бейтаптарды Бишкек жана Чүй облусу боюнча Республикалык клиникалык-инфекциялык оорукана кабыл алып жатат. [Түрк ооруканасы] резервде кармалууда. Эгер муктаждык жаралса ал ачылат, азыр даярдоо иштери жүрүп жатат. Чечим кабыл алынаары менен аталган оорукана иштей баштайт», — деп билдирди Айгерчинова.

13-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 419 адамда аныкталган, алардын ичинен 69 адам Бишкекте катталган.

Иштебей турган оорукана

Кыргыз-түрк достугунун ооруканасы 2017-жылдын күзүндө курулган. Курулуш иштерин түрк компаниясы алып барган, ал эми каражатты Түркиянын өкмөтү бөлүп берген. Оорукана медициналык жабдыктар менен толугу менен жабдылган жана анда 150 бейтапка ылайыкталган орун бар.

Оорукана ар кандай себептерден улам ачылбай келет. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу ратификация кечиктирилип аткандыктан улам ачылышы жылдырылып атканын айткан. Андан кийин Түркиядан алынып жеткириле элек жабдуулар күтүлүп жаткан болчу. Натыйжада оорукана бүгүн да иштебей турат.