Караколдун Санэпидем борборунун кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттары берилбей жатат

Укук коргоочу Камиль Рузиев 12-апрелде фейсбук барагында Караколдун Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жамаатынан атынан билдирүү жарыялаган. Анда санборбордун кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттары берилбей жаткандыгы айтылат. Ал эми башкы врач муну четке кагып, Каракол прокуратурасы текшерүү баштаган.

Борбордун кызматкерлеринин кайрылуусунда жазылгандай, медиктер кайрадан колдонуу үчүн бир жолу колдонулуучу костюмдарды жууп, бир респираторду кезеги менен пайдаланууга аргасыз.

Алардын кайрылуусуна ылайык, башкы дарыгер дезинфекция жүргүзүп аткан кызматкерлерге коргоочу каражаттарды бербей, ал эми кызматкерлердин өтүнүчтөрүн этибарга албастан, аларды жумуштан бошотуу чарасы менен коркутат.

«Башкы врач “беткаптарды жуктургандар гана тагынышат” деп бизде турган медициналык беткаптарды берүүдөн баш тартып жатат. Анткен менен 200 штук беткапты жеке өзүн жана үй-бүлөсүн коргоо үчүн алып кетип калган. Бул беткаптарды кийин кызматкерлерге барилген деп жокко чыгарып коёт», — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле башкы дарыгер гуманитардык жардам катары келип түшкөн гипохлоритти (дезинфекция үчүн колдонулат) жеке адамдарга сатып жатканы белгиленет.

«Бардык кыйынчылыктарга карабастан, кызматкерлер өз жумуштарын жоопкерчиликтүү аткарып жатышат. Биздин үнүбүз жетээрине жана бардык керектүү чаралар кабыл алынат деп үмүт кылабыз», — деп билдирди Караколдун Санэпидемкөзөмөл борборунун жамааты.

Бардыгы жетиштүү, беткаптарды алып кеткен эмесмин, гипохлоритти мыйзамдуу саткам

Ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Нуркемел Бектуров «Клоопко» курган маегинде дарегине айтылып аткан айыптарды төгүндөп, «азыр бардыгы жетиштүү жана бардыгына баары жетип жаткандыгын» айтты.

«Башында, февраль айында бизде кыйынчылыктар болгон. Сапаты начар бир жолу колдонулуучу костюмдар бар болчу. Биз башында баарын запаска сактачубуз, анткени алдыда оор кырдаал келе жаткан эле жана эмне болоорун билчү эмеспиз да. Баарын берчү эмесмин, объекттерде иштеп жаткандарга гана [берчүмүн]. Анан, Саламаттык сактоо министрлиги бөлүп бергенден кийин, бизде баарына бир нече жолудан берилди жана баары жетиштүү», — деп билдирди ал.

Бектуров беткаптарды үйүнө алып кетпегенин да айтты. «Кайсыл келесоо беткаптарды үйүнө алып кетет эле, бизде алар көп болчу. Болгону бардыгына таратпай, объекттерге барып аткандарга акырындык менен берип аткам. Мурда болсо кызматкерлерибиз пачкалап алышчу, ошондуктан, балким ушундай болуп атат», — деди ал.

Ал эми гипохлоритти (дезинфекция каражаты) сатуу боюнча Бектуров Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду аларга бул заттын төрт жарым тоннасын бөлүп бергенин айтты. Облустук штабга дезинфекция үчүн гипохлорит бөлүп бергиле деп коммерциялык уюмдар кайрылышкан, себеп дегенде эркин сатыкта мындай зат жок.

«Облустук штабдын мүчөлөрү аларга 500 килограмга чейин сатууга жана түшкөн акчага кайра ордун толуктап коюуга уруксат беришкен. Ал эми мамлекеттик мекемелерди биз акысыз тазалачубуз, бул штабдын бөлүштүргөнү боюнча бардык айыл өкмөттөрүнө ишеним кат боюнча акысыз таркаттык», — деди ал.

Текшерүүлөр башталды

Каракол шаарынын прокуратурасынан бул маселе боюнча текшерүү башталганын жана «жакын арада бул ишке чекит коюлаарын» «Клоопко» билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «мындай маселелер бир гана министрликтин эмес, өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн да көзөмөлүндө экенин» кабарлады.

«13-апрелде, күн сайын эртең менен өтчү аймактар менен конференцияда Караколдогу МСЭКтин жетекчиси ишендиргендей, керек болгон учурда баары бардык керектүү каражаттар менен камсыз кылынып жатышат», — деди Айгерчинова.