Коронавирус жуктурган дагы 7 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Кыргызстанда 15-апрелге карата ооруканадан жети бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде маалымдады.

Ош облустар аралык клиникасынан эки, Бишкек шаарынан беш бейтаптын коронавируска кайрадан жасалган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.

Өлкөдө өпкө илдети 449 адамда аныкталды. Беш киши каза таап, жалпы 78 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Коронавируска чалдыккандардын 98и медицина кызматкери болууда.

Ал эми 366 адам ооруканада дарыланууда. 11 бейтаптын абалы оор — жетөө реанимацияда жатат.