Ош шаары. Сүрөт: Ош ШИИБи

15-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын жаңы 19 учуру катталды. Анын бешөө Бишкек шаарында, он экиси Ош шаарында, экөө Ош облусунда. Алардын ичинен 14ү аял, бешөө эркек.

Жаңыдан ооруга чалдыккандардын он беши медицина кызматкерлери.

Ушуну менен вирусту жуктуруп алгандардын саны 449 адамды түздү. Алардын 244ү аял, 205и эркек. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 130, Ош шаарында – 71, Чүй облусунда – 28, Бишкек шаарында – 82, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6.

Өпкө оорусуна чалдыккан 5 адам каза таап, жалпысынан 78 адам айыкты. 366 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын абалы «канааттандырарлык». Анын ичинен 11 адам оор абалда — жетөө реанимацияда жатат.

Жалпы изилдөөгө 28 222 үлгү келип түшкөн, 27 033инин анализи чыккан. Бир сутканын ичинде 981 анализ жүргүзүлдү.