Депутаттар ӨА жана ӨК учурунда медиктердин укуктарын күчөтүүнү сунушташты

Депутаттар «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга түзөөтүүлөрдү иштеп чыгышты. Алар өзгөчө абал (ӨА) жана өзгөчө кырдаал (ӨК) шартында иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин укуктарына тиешелүү. Мыйзамдын долбоору 10-апрелден бери коомдук кароодо турат.

Парламентарийлер бийликти республикалык бюджеттин эсебинен медкызматкерлерди үйлөрүнөн жумушка, жумуштан кайра үйлөрүнө чейин транспорт, коргоонуу каражаттары жана тийиштүү эмгек шарттары менен камсыздоого милдеттендирүүнү сунуштап жатышат.

Эпидемия маалында ден соолугун чоң тобокелге салууга мажбур болгон медиктерге компенсация төлөп берүү да сунушталууда. Компенсациянын суммасын өкмөт бекитет, бирок мыйзам долбооруна ылайык, ал сумма эки маяны акысынан кем болбошу керек. Ал эми санитардык-карантиндик аймакта иштеген медиктердики он маянадан кем эмес болушу зарыл.

Ошондой эле, эпидемия жоюлган күндөн алты ай өткөн соң медиктер акы төлөнүп берилүүчү кошумча эмгек өргүүсүн алууга да укуктуу болот.

Мыйзам долбоорунда медкызматкердин ден соолугун жана өмүрүн милдеттүү түрдө мамбюджеттин эсебинен камсыздандыруу тууралуу да ченем бар. Кокус медицина кызматкери каза тапкан учурда, анын үй-бүлөсүнө акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык акча өлчөмүндөгү камсыздандыруу суммасы төлөнүп берилиши керек.

Эгер медкызматкер эмгекке жарактыгын жоготсо, анда ага бир жолку берилүүчү камсыздоо суммасы төлөнөт — бул анын майыптуулукка чалдыгуусунун даражасынан көз каранды болот.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда мамлекеттик медициналык уюмдарды жеке каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлеринин эмдөөгө жана алардын кесиптик ишине байланыштуу чалдыккан ооруларын дарылоого кеткен чыгымдарын камсыздап берүүгө милдеттендирүү сунушталган.

Депутаттар мындай түзөтүүлөрдү Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы санынын 20 пайызга чукулун медиктер түзүп жаткан шартта сунушташты.

16-апрелге карата, жалпысынан коронавируска чалдыккан 446 адам катталган жана алардын 104ү — медкызматкерлер. Бийлик медиктер коронавирус жуктуруп алган учурларда алардын баарына компенсация төлөп берүүнү убада кылган. Бирок, медиктер инструкцияны сакташкан эмес деген божомолдор бар болгондуктан, алар алгач бардык жуктуруу учурларынын жагдайларын иликтөөнү пландап жатышат.

Ошол эле учурда, медкызматкерлер коргоочу каражаттардын жетишсиздигине даттанып же аларга сапаты начар бет кап жана костюмдар берилип жатканын бир нече жолу билдирип чыгышкан.

Жумушта берилген сапатсыз коргонуу каражаттары тууралуу айтып берип, андан соң кечирим суроого мажбур болгон врачтын окуясынан кийин парламенттин депутаттары Башкы прокуратурага бул маселени колго алууну тапшырышты. Ведомство УКМК жана башка укук коргоо органдарынын медиктерге карата кысым көрсөтүп же көрсөтпөгөнүн текшерүүгө милдеттендирилди.