Коронавирус жуктурган дагы 13 адам айыгып ооруканадан чыгарылды

Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирустан дагы 13 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Алардын экөө Ош шаарынын, үчөө Бишкектин, төртөө Нарындын жана төртөө Ысык-Көлдүн тургундары.

«[Ооруканадан чыгарылгандардын] кайталап жасалган анализдеринин жыйынтыктары терс болуп чыкты», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 91 адам өпкө илдетинен айыкты. Ал эми 16-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 17 учуру катталды — жалпысынан 466 учур.

Ооруканаларда 370 адам жатат — алардын 11и оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 4 бейтап калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.