Сүрөт: Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-апрелде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 17 учуру катталганын маалымдады — өпкө илдетин жуктургандардын бешөөсү медициналык кызматкер.

Алардын ичинен бешөө Бишкекте, бирөө Ош облусунда жана 11 адам Нарын облустарында коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 466 жетти. Алардын 251и аял, 215и эркек. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 131, Ош шаарында – 71, Чүй облусунда – 28, Бишкек шаарында – 87, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 45, Ысык-Көл облусунда – 6.

Инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен 5 киши каза таап 91 киши айыкты. Ал эми ооруканаларда 370 адам жатат — алардын 11и оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 4 бейтап калууда.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7 537ни түздү — алардын 1556сы ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү.

Ал эми жалпысынан 29 777 адамдан анализ алынган, 16-апрелге 27 951 кишинин анализинин жыйынтыгы чыкты. Бир сутканын ичинде 985 анализ жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.