Өлкөнүн райондору менен шаарларына өзгөчө абал (ӨА) тартиби киргизилген убактан тарта УКМК карантин жана коронавирус тууралуу так эмес же жалган маалымат таратуу үчүн жарандарды кармап жатканын байма-бай маалымдап келет. Мыйзам боюнча, бул алардын ыйгарымдарына кирбейт.

Жаңы түзөтүүлөр

Апрелдин башында өлкөдө жаңы түзөтүүлөр киргизилген, ага ылайык, адамдарга так эмес маалымат таратуу үчүн штраф салынышы мүмкүн. Чындыгында, эгер бул маалымат ӨА жарыяланган аймакта «коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузган» болсо.

Адвокаттык коом туюнтмаларда тактык жана аныктык жетишсиздигинен улам бул өзгөртүүлөргө шектенүү менен мамиле кылат.

«Протокол түзүүдө ыйгарым укуктуу органдын өкүлүндө укук бузуучунун жайылткан маалыматы так эместиги тууралуу документтер болушу керек. Ал аны кандайча кылаары да суроолуу маселе. Коомдук тартип жана жарандардын тынчтыгы бузулуп-бузулбаганын ким кандайча критерий менен аныктаары да таптакыр түшүнүксүз», — деп эсептейт «Медиа Полиси Институтунун» юристи Акмат Алагушев.

Жаңы түзөтүүлөрдүн так эместигине карабастан, мыйзамга ылайык, мындай бузууларды УКМКнын кызматкерлери эмес, ИИМ карашы керек. Кылмыш кодексинин чындыкка дал келбеген маалыматка байланыштуу беренелеринин арасында УКМКнын тергөөсүнө түшө тургандар да беренелер бар. Бирок, алар жалган маалымат таратууга гана тиешелүү эмес:

  1. 246-берене. Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо;
  2. 341-берене. Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо;
  3. 344-берене. Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо;
  4. 345-берене. Эксперттин жалган көрсөтмөлөрү, корутундусу же туура эмес котормосу;
  5. 347-берене. Жалган күбө болууга мажбурлоо.

«Билип туруп жалган билдирүү жасоо»

«Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо» тууралуу 344-беренеге кеңири токтолсо болот.

УКМК март айында коронавирустан каза тапкан эки адам тууралуу жалган маалымат жарыялаган жана жайылткан TheAsiaTimes деген маалыматтык сайтты аныктаган. Анда УКМКнын басма сөз кызматы №344 «билип туруп жалган билдирүү жасоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

УКМКнын кызматкерлери 344-беренени толук айтпастан, анын «билип туруп жалган билдирүү жасоо» деген гана бир бөлүгүн атап, адамдарды адаштырып жатышат. Мындан улам интернетте так эмес маалымат таратуунун артында кылмыш жоопкерчилиги бар деп туюлушу мүмкүн.

Эң башкысы, 344-берененин интернеттеги билдирүүлөргө тиешеси жок. Мисалы, эгер сиз укук коргоо органдарына кайрылып, кимдир-бирөөнүн кылмыш кылгандыгы тууралуу билип туруп жалган арыз жазсаңыз, анда бул ошол беренеге тиешелүү болот.

«Ал эми ЖМК же соцтармактардагы кылмыш жасалгандыгы тууралуу билдирүүлөр боюнча, бул жерде алар кылмыш ишинин козголушуна себепчи болуп беришет. [...] Бирок мындай билдирүүлөрдүн так эместиги билип туруп жалган билдирүү жасоо катары бааланбайт жана кылмыш курамын жаратпайт», — деп айтылат «Медиа Полиси Институтунун» маалыматында.

«Клооптун» УКМК бул ишмердикти эмненин негизинде жасап атканын билүүгө жасаган аракетине аталган органдын басма сөз катчылары оозеки жооп берүүдөн баш тартып, сурам жөнөтүүнү талап кылышууда, кээде такыр эле телефонду коюп салып жатышат.

Мындан тышкары, УКМК пресс-релиздеринде кармалгандар жалган билдирүү таратышканы үчүн «өкүнүп, элден кечирим сурашканын» утур-тур билдирип турат.

«Клооп» юристтер сымал эле бир нече жолу мындай чаралардын мыйзамга туура келбесин жазып чыккан. Демек, бул УКМКнын кызматкерлери адамдарды массалык түрдө адаштырып жатат дегенди билдирет.

«Кечирим суроо да, өкүнүү да жарандын жеке эркин билдирүүсү болушу керек жана ал адамдын туура эмес кылганын мойнуна алгандыгынын этикалык гана элементин ээрчитет», — деп эсептешет «Медиа Полиси Институтунун» юристтери.

«Арзан пиар жасоо»

Жакынкы убактарга чейин УКМК өз аракеттеринин мыйзамсыздыгына байланыштуу эч бир комментарий бербей жана үндөбөй жаткан. Бирок жакында эле коргоо каражаттары жетишпей жатканын билдирип, андан соң кечирим сураган медикке УКМК кысым кылды делип сынга кабылган. Атайын кызмат бул окуяга эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, бирок жалган маалымат тараткандар кармалып, аларга «түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп атканын» түшүндүргөн.

Бул иштер жүргүзүлгөндөн кийин, атайын кызматтын маалыматы боюнча, баары коё берилип, ал эми бардык чындыкка дал келбеген маалыматты жайылтуу фактылары боюнча материалдар юридикалык баа берилиши үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

«Коронавируска байланыштуу абалдын шартында, дүйнө жүзү боюнча кээ бир адамдар так эмес маалыматтарды жайылтуу, анын ичинде COVID-19га каршы күрөшүүдө аракеттенип аткан бардык түзүмдөрдүн ишин дискредитациялоо жолу менен өздөрүнө арзан пиар жасоого аракет кылышууда», — деп билдиришкен УКМКдан.