Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Сузак районунун тургуну Жанышбек Халмаматов он бир жыл мурун кыйноолорго кабылганын ырастады. Бул тууралуу «Клоопко» «Справедливость» («Адилеттүүлүк») уюмунан билдиришти.
Халмаматов 2009-жылдын 1-майында адам өлүмүнө алып келген авто кырсыкка шектелип кармалган. Ал өзүнүн кошунасын унаасы менен сүзүп алууга шектелген, жабырлануучу кийинчерээк кайтыш болгон. Халмаматов алгач күнөөнү мойнуна алган эмес.
Ал эми маркумдун жакындары жана Халмаматовдун туугандары айыпталуучу жерде жаткан кошунасын көрүп аны сүзүп кеткендердин артынан унаасы менен кууп жетүүгө аракет кылган деп айтышкан.
«Жанышбек унаасы менен кууган, бирок жете алган эмес. Окуя болгон жерге келгенде милиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага алып кетишкен болот. Кийинчерээк шектүү катары Жанышбек кармалат», — деп 2011 жылы Халмаматовдун туугандарына таянып укук коргоо уюмунан маалымдашкан эле.
2011-жылдын 24-мартында Сузак райондун соту Халмаматовду күнөөлүү деп таап 9 жылга эркинен ажыратат.
Кыйноолор боюнча соттошуу
«Биздин уюмга Халмаматовдун жакындары аны так айтканда колдоруна көтөрүп алып келишкен», — деп эстешет «Справедливость» уюмунун юристтери.
Кыйноого кабылган Жанышбектин жакындары Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюмунун жардамы менен облусттук прокуратурага кайрылышкан. Жыйынтыгында кыйноо фактылары боюнча Сузак РИИБинин төрт кызматкерине карата иш козгогон.
Кыйноолордон сырткары милиционерлерге «Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү», «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу» жана «Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу» беренелери менен айып коюлган. Бирок милиция кызматкерлери жумуштан четтетилген эмес.
Халмаматов өзү тергөө абагында отурган. Жанышбектин бөгөт коюу чарасы бир нече жолу алмаштырылган. Укук коргоочулар «Халмаматов акырына чейин бек турган» деп белгилешет.
2011-жылдын 8-декабрында Жогорку сот милиционерлерди актап ишке чекит коёт. Буга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлерин райондук жана облусттук соттор актаган. Ушуну менен улуттук деңгээлде коргонуунун бардык укуктук ыкмалары колдонулган болот.
«Далилдөө базасы да, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү да бар болчу. Сейрек учурай турган берене менен иш козголгон, прокуратураданын да колдоосу бар болчу. Бирок сотто баары бир чечимден жокко чыгарылды», — деди «Справедливость» укук коргоочу уюмунун жетекчиси Валентина Гриценко.
БУУга даттануу
«Справедливость» уюму 2012-жылдын 13-сентябрында БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жеке арыз менен кайрылган. Арыз эки жылдан кийин комитетте катталган. Арадан 11 жыл өткөндөн кийин БУУ Халмаматов кыйноолорго кабылган деп таап, мамлекеттик органдар кыйноолор тууралуу арызды жетишерлик деңгээлде тергөө жүргүзбөгөнүн билдирди. Ошондой эле Халмаматовдун күнөөнү мойнуна алганынын негизин кыйноолор түзөт дешти.