Сот төлөм терминалын уурдоого шектүүлөрдү үй камагына коё берди

Төлөм терминалын уурдоого шектелгендер тергөө убагына үй камагына коё берилди. Бул тууралуу Бишкек комендантурасынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Шектүүлөрдү коё берүү чечимин Свердлов райондук соту кабыл алды. Шектүүлөр буга чейин убактылуу кармоочу жайда болушкан», — деп жооп беришти комендантурадан.

7-апрелге караган түнү Бишкектин борборунан белгисиз адамдар төлөм терминалын уурдап кетишкен. Терминалдын ичинде 61 миң сом болгон.

Бишкек ШИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдү «Коопсуз шаардын» камералары аркылуу табышкан. Алар 1997, 1990 жана 1991-жылы туулган адамдар болуп чыккан.

Аталган факт Свердлов райондук ИИБинде КЖБРге катталып, Жазык кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.