Коронавирустан дагы 16 бейтап айыкты. Ооруканадан жалпы 130 адам чыгарылды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавирустан дагы 16 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылганын маалымдады. Бишкекте дарыланган төрт жана Жалал-Абад облусундагы он эки бейтаптын кайталап жасалган анализдери терс жыйынтык көрсөтөн.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 130 адам өпкө илдетинен айыкты.

Ал эми 18-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 17 учуру катталды — жалпысынан 506 учур. Ооруканаларда 371 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулду.