Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдан Кыргызстанга медиктер тобу келгенин маалымдады. Кытайлык адистер кыргыз медиктерине коронавируска каршы күрөшүүдөгү иш тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Жаңы коронавирус инфекциясынын булагы Кытай болгон. Жуктуруунун биринчи учурлары 2019-жылдын аягында Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында аныкталган. Марттын аягына кытай бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышын токтото алганын билдирген.

Мурдараак Кыргызстанга польшалык сегиз медиктен турган делегация келген. Алар дагы атамекендик адистерге тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.