Бир твит менен: Милиция Бишкекте велосипед мингендерди кармап жатат

Твиттердин колдонуучусу Урмат Насыркулов бир нече велосипедчен адам жүргөн милиция бөлүмдөрүнүн биринин короосунда тартылган видеону жарыялады. Видеонун авторунун айтымында, велосипедчендерди документтерди текшерүү үчүн токтотуп, андан кийин милицияга алып барып штраф салышууда.

«Велосипедчилер жашоого керектүү дары-дармектерди жеткирүү боюнча маанилүү миссияны аткарып жатышат. Алар 500дон ашуун инсулинди жеткирип беришти. Аларга велоөткөрмөлөрдү бөлүп берүүнү суранабыз», — деп жазган видеонун автору твиттерде.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 20-апрель күнү эртең менен калаада велосипед менен жүрбөөнү «кеңеш кылган». Ошондой эле ал ӨА режиминин талаптарын бузуп, шаарга себепсиз чыккан учурда велосипеддер убактылуу алынат деп эскерткен.

Юрист Фатима Якупбаева велосипеддерди алып коюуну мыйзамга туура келбейт деп эсептейт. Анын айтымында, «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзам транспорттун, анын ичинде велосипедин жүрүүсүн чектей алат, бирок ал аны алып коюуну шарттабайт. Ок атуучу жана атылбас курал-жаракты гана убактылуу алып кйосо болот.

«Велосипедди эгер тартип сактоо органдары жарандардын тек-жайын тактай албай жатышкан учурда гана убактылуу алып коё алышат», — деп кошумчалашты «Адам укугу үчүн юристтер» коомдук фондунан.

Бишкекте 25-марттан тарта ӨА режими киргизилген. Мында шаарды башкаруу жана чечим кабыл алуу боюнча негизги укук комендантка берилген. ӨА учурунда коменданттык саат киргизилген — бул шаарга кирип чыгуунун жана анда жүрүүнүн өзгөчө режими. Коменданттык саат учурунда тургундардан үй карантинин талаптарын так сактоо жана массалык иш-чараларды өткөрбөө талап кылынат.

Бирок, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаанын бардык тургундары обочо режимин сактабай жатканын, ал эми күн жылый баштагандан тарта көптөгөн шаардыктар карантинди буза баштаганын бир нече жолу айтып чыккан.