Иллюстративдик сүрөт. Cүрөт: 24 kg

Республикалык штаб 20-апрелге карата өлкөдө коронавирустун жаңы 14 учуру катталганын маалымдады — өпкө илдетин жуктургандардын алтоосу медициналык кызматкер.

Жаңы катталган учурлардын төртөө Ош шаарында, үчөө Жалал-Абад облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда жана экөө Чүй облусунда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, коронавирусту жуктуруп алган медицина кызматкерлердин үчөө Жалал-Абадда, бирөө Ош шаарында, бирөө Бишкек жана экөө Нарын облусунда иштеп жатышкан.

Ооруканаларда 360 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 16 адамдын абалы оор — сегиз бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Ушуну менен вирусту жуктуруп алгандардын саны 568 адамды түздү — алардын ичинен 311и аял жана 257и эркек. Ооруга чалдыккандардын 140ы медицина кызматкерлери.

Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 105, Ош облусунда – 147, Ош шаарында – 87, Чүй облусунда – 32, Бишкек шаарында – 115, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 68, Ысык-Көл облусунда – 8.

Коронавирус жуктурган 7 жаран каза болду, 201 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 8116 адамды түздү — алардын 1872си ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү, калгандары байланышта болгон адамдар. Обсервацияда 862 адам жатат.