Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-апрелде коронавирус пандемиясынан улам жарыяланган ӨА шартында муниципалитет муктаждарга кантип жардам берип атканы менен таанышуу үчүн калаа мэриясына барды.

Шаар мэри Азиз Суракматов бийлик азык-түлүк таратылып аткан 85 миң үй-бүлөдөн турган тизме даярдаганын билдирди.

Мындай топтомдорду учурда Бишкектеги жана жакын арадагы айылдар менен конуштарда жашаган 40 миңден ашуун үй-бүлө алган.

Топтомдор өкмөт, бизнес жана кайрымдуулук фонддору тарабынан берилген азык-түлүктөрдөн чогултулат. Негизинен топтом баштыгына өсүмдүк майы, ун, макарон, күрүч, буурчак, кум шекер жана чай салынат.