«Ишти жандандырабыз деген ниет бар». Жээнбеков карантинден чыгуу тууралуу

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-апрелде карантинден чыгуу жана ишканаларды ачуу пландары тууралуу айтып берди. Ал ишке кирише турган «айрым ишканалардын» тизмеси даяр турганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун көп кездеше турган учуру өткөндөн кийин чечим кабыл алынат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев көп жуктуруу учуру 20-24-апрелдерге туш келип калаарын божомолдоодо.

«Айрыкча күнүмдүк кирешесин күндө таап, күнүмдүк жумуш менен өз тиричилигин өткөзгөндөр кыйналып жатат. Мына ололорго жардам беришибиз керек. [...] Көбүнчө кызмат көрсөтүү тармагында элибиз кыйналып жатат. Мына ошолордун кээ бирлеринде ишти жандандырабыз деген ниет болуп атат. Бирок ал мезгил келе элек. 24-25-апрелде, буйруса, ошондо көрөбүз. Андан кийин чечим кабыл алабыз», — деди президент.

Мурдараак Жээнбеков өзгөчө абал тартиби киргизилген аймактарда режимди 30-апрелге чейин узартуу тууралуу жарлыкка кол койгон: Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруган адам менен байланышта болгон акыркы адам табылганга чейин карантин токтотулбасын билдирген.

21-апрелге карата, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 590 адамга жетти.

Жуктургандардын көбү Ош облусунда аныкталган — 150, андан кийинки орунда Бишкек турат — 123 адам. Ал эми Жалал-Абад облусунда инфекцияга 105 адам чалдыккан.

Жуктуруу учурларын эң азы Ысык-Көл жана Баткен облустарында катталган — сегиз жана алты учур.