«Клооп» Бишкек шаарындагы бюросуна кыргыз тилдүү редакторду менен журналистти издейт. Эгерде сиз Кыргызстандагы көз карандысыз басылмалардын биринде, журналистиканын эл аралык стандарттары боюнча иштөөнү кааласаңыз, анда биз сизден билдирме күтөбүз.

Сизди эркин жана чыгармачыл команда күтөт. Биз өлкөдөгү кыргыз тилдүү журналистиканын өнүгүшүн каалайбыз жана ушул жаатта аракет кылып келебиз. Окурмандарга сапаттуу, бейтарап, тең салмактуу жана такталган маалыматтарды берүүгө умтулабыз.

Биздин ишибиздин артында дайыма коомдук кызыкчылык турат. Андыктан адам укугуна, гендердик тең салмактуулукка, билим алууга жана медициналык кызматтарды пайдаланууга болгон укукка, саясий өзгөрүүлөргө жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу темаларга басым жасайбыз. Ошондой эле, салык төлөөчүлөрдүн каражаттары кандай жумшалып жатканына да байкоо салабыз.

Биздин кызматкерлер дайыма билимин жана тажрыйбасын жогорулатууга ынтызар. Ал үчүн редакция мүмкүнчүлүктөрдү издеп, шарт түзүп берүүгө даяр. «Клооп» идеяларга ачык жана аларды колдоого аракет кылат.

Талаптар жана милдеттер менен таанышып, вакансия сизге туура келсе, билдирме толтуруп жөнөтүңүз, андан соң резюмеңизди elvira@kloop.kg дарегине жибериңиз.

Журналист жана редактор кыргыз тилинде сабаттуу жаза билиши керек жана сөз байлыктары кенен болушу шарт. Ошондой эле, кандидаттар аналитикалык ой жүгүртүүгө ээ, демигелүү, билимин жогорулатууга ынтызар, жаңы идеяларга ачык болушса кубанабыз.

Журналисттин милдеттери: күнүмдүк окуяларга көз салат, макала даярдоого тема сунуштайт, теманын фокусун, макаланын түзүлүшүн аныктайт, интервью алат, маалымат чогултат, макаланы жазып, редактор текшергенден кийин сайтка чыгарат, макаланы түрдү форматта жазып, анын мазмунуна жоопкерчилик алат.

Редактордун милдеттери: күнүмдүк окуяларга көз салат, макала даярдоого тема сунуштайт, журналисттер менен чогуу темаларды талкуулайт, теманын фокусун жана түзүлүшүн бекитет, макаланын жазылуу процессин көзөмөлдөйт, макаланы текшерет, анын мазмунуна жоопкерчилик алат, башка дагы форматта даярдалган материалдар менен иштейт жана керектүү учурда өзү да макала жазып чыгарат.

Жумуштун өзгөчөлүгүнө байланыштуу кызматкерлер 24/7 бою байланышта болот. Өтө зарыл жана чукул кырдаалдарда негизги жумуш убактысынан сырткары да материал даярдап чыгарат.

Кандидаттардан келген билдирмелер алгач каралып, андан кийин тандоодон өткөндөр маектешүүгө чакырылат. Маектешүүдөн кийин вакансияга ылайык келген кандидат аныкталат.

Айлык акы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Байланыш телефондору: +996558659465 (Megacom)

Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктады.