Учурда Ош шаарындагы бюробузда оператор-монтажёр үчүн бир жумуш оруну бар. Эгерде сиз Кыргызстандагы көз карандысыз басылмалардын биринде, журналистиканын эл аралык стандарттары боюнча иштөөнү кааласаңыз, анда биз сизден билдирме күтөбүз.

Сизди эркин жана чыгармачыл команда күтөт. Биз өлкөдөгү кыргыз тилдүү журналистиканын өнүгүшүн каалайбыз жана ушул жаатта аракет кылып келебиз. Окурмандарга сапаттуу, бейтарап, тең салмактуу жана такталган маалыматтарды берүүгө умтулабыз.

Биздин ишибиздин артында дайыма коомдук кызыкчылык турат. Андыктан адам укугуна, гендердик тең салмактуулукка, билим алууга жана медициналык кызматтарды пайдаланууга болгон укукка, саясий өзгөрүүлөргө жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу темаларга басым жасайбыз. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн каражаттары кандай жумшалып жатканына да байкоо салабыз.

Биздин кызматкердер дайыма билимин жана тажрыйбасын жогорулатууга ынтызар. Ал үчүн редакция дайыма мүмкүнчүлүктөрдү издеп, шарт түзүп берүүгө даяр. «Клооп» дайыма идеяларга ачык жана аларды колдоого аракет кылат.

Талаптар жана милдеттер менен таанышып, вакансия сизге туура келсе, билдирме толтуруп жөнөтүңүз, андан соң резюмеңизди elvira@kloop.kg дарегине жибериңиз.

Оператор-монтажёр күн сайын кызыктуу окуяларга көз салып, темаларды команда менен чогуу талкуулашы керек. Окурмандар үчүн видео материалдарды даярдап чыгарууга жоопкерчилик алат. Андан тышкары, түз видео эфирди да чагылдырууга милдеттүү. Кыргыз тилинде сабаттуу жаза алышы кажет.

Оператор-монтажердун милдеттерине төмөнкүлөр кирет: журналисттик жөндөм менен коомдук желелерден жана айлана-чөйрөсүндөгү окуяларды баамдай билет, өз алдынча жана команда менен иштей алат, сайт жана коомдук тармактар үчүн видео тартып, монтаждап чыгарат, түз видео эфирлерди чагылдырат, видео материалдарды текст менен коштоп жаза алган, жаңы идеяларга ачык, ойлоп тапкыч жана чыгармачыл, 24/7 байланышта болууга макул.

Башкы талап: Premiere Pro, Photoshop монтаждоо программаларын мыкты билет (After Effects жана Illustrator программаларын билгендерге артыкчылык берилет)

Эгерде сиздин режиссердук билимиңиз, документалдык тасма тартууда тажрыйбаңыз болсо кубанабыз. Алдыда мини документалдык тасмаларды тартуу планыбыз бар.

Кандидаттардан келген билдирмелер алгач каралып, андан кийин тандоодон өткөндөр маектешүүгө чакырылат. Маектешүүдөн кийин вакансияга ылайык келген кандидат аныкталат.

Айлык акы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Байланыш телефондору: +996558659465 (Megacom)

Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктады.