«Клооптун» кыргыз редакциясы социалдык тармактардагы баракчаларын алдыга жылдыруу жана өркүндөтүү үчүн SMM адис издейт. Эгерде сиз Кыргызстандагы көз карандысыз басылмалардын биринде, чыгармачыл чөйрөдө иштөөнү кааласаңыз, анда биз сизден билдирме күтөбүз.

Кыргыз редакциясы Facebook, Instagram, Telegram, Одноклассники, Twitterде өз материалдарын жайгаштырат. Мындан тышкары, WhatsAppта тайпабыз бар. Ал эми видео материалдарды Kloop кыргызча YouTube каналыбызда бөлүшүп келебиз.

Биз ар социалдык тармактын спефицикасын, анын иштөө алгоритмин түшүнө билген, материалды алдыга жылдыруу боюнча идеяларга бай, жазылуучулардын санын көбөйтүүгө салым кошо алган, иш жүзүндө натыйжа көрсөткөн адиске муктажбыз. Ошондой эле кандидат кыргыз тилинде сабаттуу жаза билүүсү зарыл.

SMM адистин милдеттерине «Клооптун» кыргыз тилдүү социалдык баракчаларына материалдарды (текст, видео, сүрөт) жайгаштыруу, алардын ар бирине текст жазуу, материал социалдык тармактарга чыккандан кийин андан ары алдыга жылдыруу, сториз чыгаруу, ай сайын ар бир социалдык тармак боюнча отчёт даярдоо кирет.

Ошондой эле «Клоопто» иштеп калсаңыз тажрыйбаңызды андан ары өнүктүрүү, кошумча билимге ээ болушуңуз үчүн бул адистик боюнча тренинг, семинар, конференцияларга жиберип турабыз жана колдоо көрсөтүүгө дайым даярбыз.

Кандидаттардан келген билдирмелер алгач каралып, андан кийин тандоодон өткөндөр маектешүүгө чакырылат. Маектешүүдөн кийин вакансияга ылайык келген кандидат аныкталат. Билдирме толтуруп жөнөткөндөн кийин резюмеңизди elvira@kloop.kg дарегине жиберүүнү унутпаңыз.

Айлык акы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Байланыш телефондору: +996558659465 (Megacom)

Билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктады.