Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-апрелдеги брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 22 учуру катталганын маалымдады — алардын жетөө медкызматкер.

Өпкө илдетине Ош шаарында алты, Ош облусунда үч, Бишкек шаарында сегиз жана Нарын облусунда беш адам коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алган жарандардын саны 590го жетти — анын 147си медицина кызматкери. Эң көп коронавирус Ош облусунда катталы — 150 учур. Ал эми Ош шаарында илдетке 93 адам чалдыкты. Бишкек шаарында коронавирус 123 адамда аныкталды.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 105 киши аталган ооруну жуктуруп алды. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат — 73 учур. Чүй облусунда болсо 32 адамдан COVID-19 табыылды. Ысык-Көлдө облусунда 8 жана Баткен облусунда 6 учур катталды.

Инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен жети киши каза таап 216 бейтап айыкты. Ооруканаларда бүгүнкү күндө 367 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө беш бейтап калууда.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 8367ни түздү — алардын 1940ы ооруга чалдыккандардын үй-бүлө мүчөлөрү, калгандары байланышта болгон адамдар.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.