Бийлик бир айдан бери COVID-19га каршы күрөшүп жаткан медиктерди эми гана обочого алмай болду

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүп жаткан медиктер мейманканаларга жайгаштырыла баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди.

Ошол эле учурда, медиктер бир айдан бери вируска чалдыккандарды дарылап иштеп келишет. Медиктер 15 күн дарылап, 15 күн карантинде болуп казармалык абалда да, кадимки тартип боюнча да иштеп жатышат — мындай шартта алар ооруканаларда же карантиндерде инфекциясы бар же бар болушу мүмкүн адамдар менен байланышта болуп, андан соң үйлөрүнө кайтып жатышат.

Өкмөттүн аппараты «тийиштүү чечим обсервациялык пункттарда жана мобилдик бригадалардын курамында иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жана ден-соолугун сактоону камсыздоо, алардын жашоосу үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында» кабыл алынганын жазууда. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 157 медкызматкер коронавирус жуктурду — бул бир гана врачтар жана орто же кенже медперсоналы гана эмес, алардын ичинде Саламаттык сактоо министрлиги менен санэпидкөзөмөлдүн да кызматкери бар.

Инфекциясы бар адамдар менен байланышта болгондорду табуу жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн жуктуруу очокторуна барып аткан санэпидемиологдор да мейманканаларга жайгаштырылабы же жокпу — азырынча белгисиз. Бирок, мекеменин 20дан ашык адиси вируска чалдыкканы белгилүү.

Республикалык штабдан бизге комментарий бере алышкан жок, материал жарык көрөөр алдында Саламаттык сактоо министрлигинде да бул боюнча маалымат жок болуп чыкты.

Жуктургандарды дарылап аткан медкызматкерлер кайсы мейманканаларга жайгаштырылаары азырынча беймаалым. Бирок чет өлкөндөн же жуктургандар менен карым-катнашта болгондор жайгаштырылып аткан обсервациялар «Ак-Кеме» жана «Гарден» отелдеринде орун алган.

Мурдараак медиктер жумушка жетүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканына бир нече жолу даттанып келишкен. Алардын көбү жумуштарына чет жактардан жана башка шаарлардан барышат. Жеке унааларды блокпосттордон өткөрбөй жатышканына байланыштуу, кээ бир медиктер аргасыздан жумушка жөө барышууда. Айрымдар жумушка велосипед менен барып жатышкан, бирок комендатура велосипед мингендерди текшерип, жол жүрүү каражаттарды убактылуу алып коё баштады.

22-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун 612 учуру катталды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан 7 адам каза тапты. Ооруканалардан айыгып чыгарылгандардын саны 254 адамды түзөт.