«Манас» аэропортуна Новосибирсктен мекенине 176 кыргызстандыкты алып келген чартердик каттам конду. Аларды коргоо формаларын кийген адамдар тосуп алышты — чартер каттамы менен келгендер автобус менен обсервацияга жеткирилет.

Кыргызстандыктардын бардыгын алып келүүгө мүмкүн болгон жок — 300гө чукул адам кайткысы келген, бирок учакта орундук жетпей калган.

«Бул рейсти 300дөн ашуун жаран күткөн. Биринчи кезекте балдар, боюнда бар аялдар, ооруган жана кары адамдар чыгарылат», — деп билдиришкен штабдан «Кактуска».

Кыргызстандыктар дээрлик бир айдан бери мекенине кайта албай жатышкан. Алгач кыргызстандыктар аэропорттун өзүндө түнөп, аларга ыктыярчылар тамак-аш ташып бериш жатышкан. Бирок 2-апрелде алар аэропорттон кууп чыгарылып, кыргыз дипмиссиясы аларды мейманканага жайгаштырган.

Буга чейин өлкөгө Екатеринбург, Түркия, Вьетнам, Индонезия, Индия, Египет жана Кытайдан мекендештер кайтып келишкен.