Кыргыз эл артисти, төкмө акын, комузчу, обончу Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты анын Бишкектин Туңгуч районундагы үйүнүн жанында өттү. Өзгөчө абалга карабастан улуу акынды акыркы сапарга узатууга жүздөгөн адам келди.

Алардын катарында төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын Азамат Болгонбаев, парламенттин депутаттары Садык Шер-Нияз жана Каныбек Иманалиев, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев да бар. Мындан тышкары Иманалиевди жакындан тааныбаган адамдар да келишкени айтылды.

Элмирбектин шакирти Азамат Болгонбаев кыргыздын келечеги оор жоготууга учураганын айтты. Ал ошондой эле устаты өмүрүндө коркуп жашабай, толкуп жашаганын белгиледи.

«Сиз өмүрдө жалкып жашабай, бүтүндөй ааламга сыйбас океандай чалкып жашадыңыз. Кечээ сүрөттөрүңүздү карап отурсам, баарында күлүп түшкөн экенсиз, демек сиз асмандагы Күндөй баарына тийип жашадыңыз. Сиз кумурскадан тартып, Кудайга чейин сүйүп жашадыңыз. Демек сиз аздектеген, өзүңүз туулган Ала Тоодон да бийик жашадыңыз», — деп айтты коштошуу сөзүндө Болгонбаев.

Ал эми депутат Садык Шер-Нияз «Элмирбек элдин гүлү болду, ырдын пири болду» деген оюн айтты. Ал кайсы жерге барса да кыргыздын намысын түшүргөн жок, кайсы жерге барса да улуу кыргызды даңктап жүргөнүн эске салды. Ошондой эле залкар акындын болгону 42 жашта гана дүйнөдөн кайтканына токтолду.

«Ооба, дүйнөнүн жарымын бийлеген Чыңгызхан, Бабур, Баласагын, Махмуд Кашкари деле өтүптүр. Бирок Элмирбек жок дегенде жетимиш жашка чыкса болбойт беле. Тулпар мингизсек болбойт беле. 42 жаш деген эмне?», — деп суроо салды ал.

Коштошуу зыйнаты аяктаган соң маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. 14 жашынан баштап колуна комуз алып, республикалык жана эл аралык айтыштарда байгелүү орундарды алып келген. Иманалиев «Айтыш» коомдук фондунда шакирттерди тарбиялап жаткан жана Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген.

Жакындарынын айтымында, Иманалиев кант диабети менен ооруп жүргөн. Анын артында жубайы жана балдары калды.