Эмне үчүн Бишкекте COVID-19га чалдыккандардын саны тез өсүүдө? ССМ түшүндүрдү

Коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны боюнча Бишкек Кыргызстандын башка шаарларынан өтө тездик менен ашып баратат. 23-апрелге карата, борбор калаа 133 жуктуруу учуру менен экинчи орунга чыкты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев мындай өсүүнү Бишкекте обсерваторлор көп болуп аткандыгы менен түшүндүрдү.

«Бул жерде да чогулуу жана карым-катнашта болгон адамдар көп болуп атат. Анын менен катар медицина кызматкерлерин көбүрөөк тартуу менен интенсивдүү иш жүргүзүлүп жатат. Биз акырындык менен бул жерде жумушту күчөтүп, жөнгө салууга аракет кылып атабыз», — деди Үсөнбаев.

23-апрелге карата, Кыргызстанда коронавирус 631 адамда аныкталган. Вирус жуктургандардын көбү Ош облусунда — 151 адам. Бишкек экинчи орунда турат, андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу — 109 адам.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирусу аныкталган 48 адам айыгып, стационарлардан чыгарылган — учурда алардын COVID-19га тапшырган анализдери терс жыйынтык берүүдө.

Стационарларда 321 адам дарыланып жатат, алардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө.

Кыргызстандагы пандемия маалында COVID-19дан жалпысынан сегиз адам каза тапкан. 302 адам айыгып ооруканалардан чыгарылган.