Түркиядан кайтып келген мекендештерде коронавирус аныкталды

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Түркиядан кайтып келген кыргызстандыктарда коронавирус аныкталганын кабарлады. Мекендештерди алып келген учак Бишкекке 17-апрелде конуп, андан кийин жүргүнчүлөрү обсервацияга жаткырылган.

Үсөнбаев жуктургандардын так санын айтпай, болгону алар ооруканага жаткырылып, калгандары карантинге жөнөтүлгөнүн билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги жүргүнчүлөрдүн арасында жуктургандар болгонун тастыктап, бирок алардын так санын айта алган жок. Санэпидем көзөмөл комментарийлер үчүн жеткиликсиз болду.

Түркиядан келген учакта 210 жүргүнчү болгон. 18-апрелде, тагыраагы кыргызстандыктар келген күндүн эртеси Үсөнбаев алардын ичинен 198 адамда коронавирус аныкталбаганын, калгандарынын анализдери текшерилип атканын кабарлаган болчу.

23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 31 жаңы учуру катталды. 308 бейтап ооруканадан айыгып чыкты, сегиз адам кайтыш болду, 321 бейтап ооруканада. Ооруканада жаткандардын ичинен беш адам реанимацияда.