Кыргызстандыктар Түркиядан мекенине кайтып келишти. Сүрөт: КР ТИМи

Бүгүн 24-апрелде Стамбулдан «Манас» аэропортуна кыргызстандыктарды алып келген «Түрк Аба жолдорунун» дагы бир чартердик каттамы келип конду. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи билдирди.

Мекенине 349 адам кайтып келди. Алар чартердик рейсти Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы авиакаттамдар токтотулган убактан бери күтүп жатышкан.

Чарттердик рейсти жүзөгө ашырууга президент Сооронбай Жээнбековдун Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин өлкө башчыларына башка мамлекеттердин аймагында болуп, коронавирустун пандемиясынан улам үйлөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү болбой жаткан жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүчү менен кайрылуусунун артынан мүмкүн болгону белгиленет.

ТИМ чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иш улантылып жатканын кошумчалады.

Буга чейин, 17-апрелде Стамбулдан 211 кыргызстандык кайтып келген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алардын бирөөсүндө коронавирус аныкталган. Аны менен байланышкан адам учурда медиктердин кароосу алдында обсервацияда жатат. Аны менен учуп келген башка жүргүнчүлөр ПЧР анализдери терс жыйынтык көрсөткөндөн кийин үй карантинине коё берилген.

24-апрелге карата өлкөдө коронавирус жуктуруу учурларынын саны 656га жетти. Алардын ичинен 322 адам ооруканадан айыгып чыгарылып, сегиз адам каза таап, 326 бейтап дарыланып жатат. Беш адам реанимацияда.