Бишкекте айдоочу удаасы менен бир нече унааны сүздү — эки адам ооруканага жаткырылды

Бишкектин түштүк-чыгышында Subaruнун айдоочусу унасын башкара албай калып бир нече машинаны барып сүздү. Комендатура журналисттерге алты машина тааралуу кабарлады, бирок күбөлөрдүн айтуусу боюнча жети унаа жабыркаган.

Авария Каралаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде, коменданттык саат маалында, болжолдуу түнкү саат 1:30да орун алган. Жол кырсыгынан айдоочу жана анын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Айдоочу Mercedes Benz, Toyota Camry, минивэн, «Лада» жана эки Toyota Land Cruiser унаасын сүзгөнү кабарланды.

Бишкектин комендатурасы айдоочу авария учурунда мас абалда болуп-болбогону тууралуу жооп бере алган жок.

Бул факт Жоруктар жөнүндө кодексинин «Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалды.