Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйгөндүктөн кризистик борборлордун ишин жандантуу маселеси каралат

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев 24-апрелде ӨА учурунда үй-бүлөлүк зомбулук өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62% көбөйгөнүн кабарлады.

Орозалиев билдиргендей, борбор калаанын комендатурасы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр жана кризистик борборлордун ачуу маселесин караштырат.

«Биз бул маселени карап чыга алабыз, бирок бир шарт бар, ал жакта көп адамдар чогулушуна байланыштуу бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер сакталышы керек», — деп билдирди ал.

Орозалиевдин айтымында, эгер мындай кризистик борборлор ачыла турган болсо Бишкектин комендатурасы алардын коопсуздугун камсыздап берүүгө даяр.

«Кризистик борборлордун коопсуздугун камсыздоо боюнча, биз күзөт коюп, коомдук тартипти жана борбордун тургундарынын коопсуздугун камсыздоого даярбыз», — деди комендант.

Буга чейин «Сезим» кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова жана анын кесиптештери бийликтен карантин шартында шелтерлердин ишин улантуу үчүн уруксат алууга аракет кылып жатышканын айтып берген.

2020-жылдын алгачкы үч ай ичинде Кыргызстандын укук коргоо органдарына үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 2 319 кайрылуу келип түшкөн.

«Агрессивдүү өнөктөрү менен камалып калышты»

Бийлик коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн шаар ичинде жүрүүгө тыюу салгандыктан аялдардын көпчүлүгү качып кете албай агрессор жана үй-бүлөлүк зомбулукчулар менен калышты.

Марттын аягында парламенттин депутаты Гүлшат Асылбекова мыйзам долбоорун демилгелеп, анда үй-бүлөдөгү агрессивдүү адамдарды 15 суткага камоо чарасы жазылган. Ал эми 1-апрелде ал ИИМдин өкүлдөрүнө кайрылып, үй-бүлөсүндөгү зомбулуктан жапа чеккендер коменданттык саатка карабастан үйдөн качып кете ала турган норманы карап чыгууну өтүнгөн.

«Агрессивдүү өнөктөрү менен үйдөн чыга албай карантиде калган аялдар үчүн — бул бүтүндөй бир сыноо, аман калуу үчүн күрөш. Эмне кылса болот? Учурда карантин шартында эгер өмүргө жана ден соолукка коркунуч туулуп калса аялдарга үйдөн чыгып кетүүгө мүмкүндүк берген ченемди караштырса болобу же болбойбу деген кеп болуп атат», — деп билдирген Асылбекова.

Кризистик борборлор ассоциациясынын директору Толкун Тулекова бир учурду айтып берген, анда үй-бүлөсүндөгү зомбулуктан жапа чеккен бир аял корук катка ээ болуп, үйдөн шелтерге кеткиси келип, бирок карантин болгону үчүн жана кризистик борборлор иштерин токтотуп койгондуктан кете алган эмес.

Шелтерге кетип калуу мүмкүнчүлүгү жок болгону үчүн аялдар балдары менен кошуналардын үйүндө жашынууга же туугандарыныкына кетип калууга аргасыз. Бирок өзгөчө абал режими болуп жаткандыктан, бул мүмкүнчүлүктөр да баарына эле жеткиликтүү эмес.