Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын саны 656 адамга жетти — жаңы 25 учур катталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 24-апрелдеги брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 25 учуру катталганын маалымдады — алардын ону медкызматкер.

Өпкө илдетине Ош шаарында жана облусунда үчтөн, Нарын облусунда тогуз, Чүй облусунда төрт жана Бишкек шаарында алты адам чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 656га жетти — анын 172си медкызматкер. Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 109 , Ош облусунда – 157, Ош шаарында – 104, Чүй облусунда – 42, Бишкек шаарында – 147, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 83, Ысык-Көл облусунда – 8.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 2548ди түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ал эми инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен сегиз киши каза таап 322 бейтап айыкты. Ооруканаларда бүгүнкү күндө 326 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө беш бейтап которулган. Жалпысынан өлкө боюнча обсервацияда 914 адам жатат.

Ошондой эле 24-апрелге чейин жалпысынан 44 281 адамдан анализ алынган. Алардын ичинен 43 784үнүн жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.