«Коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланат. Бардык чыгашалар бюджеттен каржыланат – дары-дармек, медициналык каражаттар алынат жана ооруканага жаткандагы орундук үчүн төлөнөт. Дарылоо оорунун түрүнө жараша төрткө бөлүнөт: жеӊил, орто, оор жана өтө оор. Илдет кандай түрдө өтүп жатканына жараша, бир бейтапты дарылоого 7 988 сом (жеӊил), 16 370 сом (орто), 74 764 сом (оор), 118 807 сом (өтө оор) сарпталат»


Ушинтип айтты Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 25-апрелде өткөн бирифингде.

Мындан бир күн мурда Саламаттык сактоо министрлигинин брифингинде министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевден коронавирусту дарылоого канча чыгым кетип атканын сурашкан. Ал так жоопту билбей Өзбекстанды мисал келтирип, ал жакта бир бейтапка 3000 доллар (25-апрелге карата курска ылайык, 241 135 сом) сарптап атышканын айткан. Үсөнбаев Кыргызстанда да чыгымдын өлчөмү ушундай эле болушу мүмкүндүгүн божомолдогон.

Саламаттык сактоо министрлиги ошол эле күнү Үсөнбаевдин айткандарын төгүнгө чыгарууга аргасыз болуп, бир бейтапты дарылоого 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин чыгымдалып атканын кабарлаган.