«Санарип технологиялар борбору»

Колдонмону Бишкек мэриясына караштуу «Санарип технологиялар борбору» муниципалдык мекемеси иштеп чыккан.

Бул мекеме 2019-жылы Бишкек шаардык кеңешинин сессияларынын биринде негизделген. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал 2019-жылдын 30-июлунда катталган. Мекеменин директору болуп Давлетов Эльдар Кадырбекович көрсөтүлгөн.

Мэриянын сайтында ишкана мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосунда электрондук байланышты, анын ичинде «маалыматтарды санариптик трансформациялоону, ошондой эле мекемелерге жана ишканаларга, юридикалык жана жеке жактарга өз компетенциясынын алкагында санариптик кызматтарды көрсөтүүнү камсыздоо максатында иш-аракеттерди ишке ашырат» деп жазылган.

«Санарип технологиялар борбору» муниципалдык ишканасынын директору Эльдар Давлетов алардын кызматкерлери колдонмону иштеп чыгууга жарым-жартылай гана катышканын билдирди. Ошондой эле, ишкана колдонмону жайылтуу үчүн Google Playдеги өзүнүн аккаунтун берди.

«Бизде платформа бар болчу, аны менен мурда иштеп, аны көптөгөн программалар үчүн колдончубуз. Бизден IT-штаб сурады, анан биз булак кодун бөлүштүк, ал болсо бизде ачык. Биз системанын оператору эмеспиз, биз ага модерация кылбайбыз. Ал тургай бизде маалымат базасына жеткиликтүүлүк жок жана программчылар андан ары кандай өзгөртүүлөрдү киргизишкенин билбейбиз», — деп билдирди Давлетов.

Мындан тышкары, республикалык штаб да кызматтарды акысыз көрсөтүү жөнүндө кол коюлган макулдашууга ылайык, программчылардын маалыматтар топтомунун массивине жеткилиги жоктугун билдирди.

Тагыраагы, маалыматтар учурда IT штабдын программчыларына жана COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын кызматкерлерине жеткиликтүү.

Ыкчам IT штаб МТжБМКнын демилгеси боюнча 2020-жылдын 20-мартында республикалык штабды колдоо үчүн түзүлгөн.

IT штабдын курамына бир гана жергиликтүү IT адистер менен компаниялар эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү мекендештер да кирген. Республикалык штабдын билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө 340тан ашуун IT адис акысыз негизде аралыктан иштеп жатат.

IT штаб түзүлгөндөн тарта, алар бир нече санарип чечимдерди жана онлайн ресурстарды түзүшкөн. Мисалы, колдонуучуларды коронавирус тууралуу жана анын алдын алуу боюнча кабарлап туруу үчүн бир нече Telegram чат-боттор түзүлгөн — «Covid19kgBot» жана «COVID19_KyrgyzstanBot».

Штаб тарабынан иштелип чыккан hidoctor.kg сайты жарандарга баштапкы диагностикадан өз алдынча өтүүгө, анын ичинде дарыканалар, жеткирүү кызматы жана лабораториялар боюнча маалымат алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле расмий www.covid.gov.kg ресурсу өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абал, өлкө жетекчилеринин видео кайрылуулары, медициналык кеп-кеңештер жана ыйгарым укуктуу органдар менен байланышуу жөнүндө маалыматтарды билдирип турат.

IT штаб жасаган бардык ресурстар #HackCoronaForKg сайтында чогултулган, бирок ал тизменин арасында «Stop COVID-19 KG» колдонмосу жок. Бул колдонмо тууралуу IT штабдын инстаграмында да сөз кылынган эмес.

«Санарип технологиялар борборунун» башка колдонмолору

«Санарип технологиялар борборунун» Google Playдеги портфолиосунда дагы эки мобилдик колдонмо бар — «Бишкек 312» жана «Школьник в безопасности».

Колдонмонун түшүндүрмөсүнө ылайык, «Бишкек 312» «тургундар жана расмий адамдар өз ара байланышып, шаардын айланасында болуп жаткан окуяларга кабардар болуп турушу» үчүн түзүлгөн. Бирок, колдонмонун рейтингине жана ага берилген сын-пикирлерге караганда, «расмий адамдарды» ал жакта жолуктуруу кыйын.

«“Школьник в безопасности” — бул ата-энелер үчүн иштелип чыккан колдонмо. Ал сизге эгер балаңыз жаныңызда жок болуп, телефонго жооп бербей жатса кабатыр болбоого жардам берет», — деп айтылат Google Playдеги колдонмонун түшүндүрмөсүндө.

Колдонмонун функцияларынын арасында баланын жайгашкан жерин аныктап табууга жана анын күн бою баскан-турганын көрүүгө жардам берген GPS-локатор; баланын үнсүз режимге коюлган телефонуна карабастан бийик сигнал; баланын телефонунун кубаты канча убакытка жетээрине көз салууга жардам берген — батарея көзөмөлү; «Звук вокруг» деген аталыштагы функция бар.

Колдонмону иштеп чыккандардын билдирүүсүнө ылайык, ал «баланын айланасында эмне болуп жатканын угуу үчүн, анда бардыгы жайында экенин жана ал жакшы чөйрөдө жүргөнүн түшүнүү үчүн керек».

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 18-февралда мобилдик колдонмо даяр экенин билдирген.

Мэриядан кошумчалашкандай, колдонмо «Электронный дневник» жана «Тулпар» электрондук билеттөө боюнча колдонмосу менен интеграция болот: биринчиси баланын мектептеги жетишкендигине көз салууга жардам берет, экинчиси ата-эне баланын транспортко отурган жана түшкөн жерлерин билүү үчүн жардамдашат.

Мэриянын маалыматына ылайык, программага ШИИБ, билим берүү башкармалыгы жана Бишкектин тез жардам берүү борбору кошулат. Кийинчерээк колдонмо калаанын бир нече мектебинде презентацияланган.

«Stop COVID-19 KG» «Школьник в безопасности» колдонмосунун базасында иштелип чыккан деп божомолдосок болот, себеп дегенде эки колдонмо тең бир эле Openstreetmap картасын колдонот жана аларда көптөгөн окшошо функциялары менен кнопкалары бар.

Ошол себептен, эки колдонмодогу коддордун көпчүлүк бөлүгү окшош деп божомолдосок болот.

«Put In Byte»

Колдонмону иштеп чыгуунун дагы бир катышуучусу — бул «Put In Byte» IT компаниясы. Компаниянын фейсбуктагы барагындагы маалыматка ылайык, ал «ИТ кызматтардын толук циклин көрсөтөт: консалтингден эксплуатацияга чейин, бизнес колдонмолордон инфраструктурага чейин».

Долбоорлордун тизмесинде фирма «КР эл каттоосун» жана «КР маморгандарын автоматташтырууну» көрсөткөн.

Бирок, компаниянын твиттерде көрсөтүлгөн сайты иштебейт.

Компаниянын фейсбуктагы акыркы посту 2019-жылдын 20-апрелинде жарыяланган. Анда Ыкчам медицина борбору жаңы автоматташтырылган башкаруу системасын тааныштырганы тууралуу «24.kg» басылмасынын материалына шилтеме берилген.

Бул система 2018-жылдын жазында калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору (ЫМБ) үчүн иштелип чыккан.

ЫМБнын маалыматы боюнча, жаңы система борбордун процесстерин автоматташтырууга арналган кызмат комплексинен жана мобилдик колдонмолордон турат. Анын ишине чалууларды кабыл алуу жана иштетүү, бригадаларды башкаруу, чалуулар тууралуу маалыматты сактоо жана аны ыкчам пайдалануу, отчётторду даярдоо кирет.