Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-апрелде маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 25 бейтап коронавирустан айыкты. Дарылануудан кийин алардын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, бейтаптар ооруканадан чыгарылды.
Өпкөнү сездеткен илдеттен айыккандардын эң көбү Нарын облусунда катталды — 16. Жалал-Абад облусунда төрт, Ош облусунда бир, Ош шаарында жана Бишкекте экиден адам үйлөрүнө чыгарылды.
Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 395ке жетти.
Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирустун жаңы 13 учуру катталды — жалпысынан 695 учур. Ооруканаларда 292 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жети бейтап которулган.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.