Сүрөт: Александра Титова

Бишкек бир айдан бери ӨА режиминде жашап жатат. Өзгөчө абал режими жарыялангандан бери шаарда жашоо токтоп калгандай — коомдук транспорттордун жүрүүсү токтоп, көптөгөн ашкана жана дүкөндөр бийликтин талабына ылайык жабылган. Ал эми жарандар үйлөрүнөн бир жарым километрден алыс жерге чыга алышпайт.

Дээрлик ар бир көчөдө күч органдарынын кызматкерлерин кезиктирүүгө болот. Алардын айрымдары үйдөн чыкпоону эскертишет, кээ бирөөлөрү маршруттук баракчаларды текшеришет. Ар бир чоң кесилиштерде блокпосттор орнотулган — күзөтчүлөр унаалардын өткөрмө кагаздары бар же жогун текшеришет. Кээде, текшербей деле өткөрүп жиберишет.

Кичи көчөлөргө орнотулган бетон бетон тосмолору бир күндөн кийин эле алынды — ал ашыкча чара экендиги билинди. Азыр ал тосмолорду жолдун четине гана жылдырып коюшкан, бирок таптакыр алып салышкан эмес.

Негизинен, Бишкекте бир гана азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар жана мэриянын муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери иштеп жатат. Көчөлөр хлор жыттанат. Таштанды дээрлик жок. Баары сүйгөн Эркиндик бульвары сары тосмолор менен курчалып — анда «Кирүүгө болбойт, кырсык болгон жер» деп жазылган. Азыр дээрлик бардык эле эс алуу бактарга ушундай жазуулар илинген. Бирок бул чектөөлөр жарандарга иттерин сейилдетүүгө жана, эртең менен, күч органдары жок учурда, чуркап келүүгө тоскоолдук жараткан жок.

Жолдордогу кыймыл азайган, бирок таптакыр эле унаа жок деп айтууга болбойт. Абдрахманов, Элебаев жана Чүй көчөлөрүнүн жолдорунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Айтматов проспектинде жаңы тротуар орнотулуп жатат. «Тазалыктын» кызматкерлери борбордук аянтта, Жаштар аллеясында жана филармониянын алдында иштеп, шаарга көрк кошууда.

Шаарды кандайдыр бир майрамга даярдап жатышкандай элес калат. Бирок адамдардын жүзүндө майрамдык маанай байкалбайт — тумурайган жарандар маршруттук баракчасы боюнча А чекитинен Б чекитине карай шашып жүрүшөт.