Ош шаарынын борбордук көчөсү. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Ош шаарында окуган студенттер өзгөчө абалга байланыштуу ЖОЖдордон окутуу акысын төлөөнү белгилүү бир убакытка жылдырып берүүнү суранып жатышат. Анткени айрым университеттер өзгөчө абалга карабастан контракттын калган бөлүгүн төлөөнү талап кылып жатышканын айтышууда.

«Студенттер тамак-ашка араңдан акча таап жатышат»

Нуржайна Октяброва Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти, башкача айтканда ал бүтүрүүчү. Нуржайна окуу акысынын жарымын төлөп, ал эми калган жарымын төлөйм деген каражатка азык-түлүк алып алганын айтып, окуу жайдан жеңилдетүүлөр берилсе дейт. Анын айтымында, окуу акысын толук төлөп, ЖОЖдун алдында карызы жоктугу тууралуу атайын маалымкат болгон учурда гана ага диплом берилет.

«Азыркы учурда мени ойлондурган контракт маселеси болуп жатат, анткени бүтүрүүчүмүн. Өзүм иштейм, ошентсе да кыйналып калат экенсин. Окуу жайдан мүмкүнчүлүк беришсе жакшы болмок, бир эле мен эмес, мага окшогон студенттер канча. Атам деле төлөп берет эле, ал да Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Азыр жумушу токтоп, үйдө отуруп калды, ага да күнүмдүк турмушуна акча керек. Мен да иштеген жеримде долбоорлор токтотулуп, айлык-акы да азайды», — деп түшүндүрдү ал.

Аты-жөнүн атагысы келбеген дагы бир студент да ата-энеси эмгек мигранты экенин, карантинге байланыштуу алардын да жумушу токтогонун айтат. Ага карабастан ал окуган университетте мугалимдер менен декан «модулдар жакындап калды, окуу акысын эртерээк төлөгүлө» деп эскертип жатышыптыр.


«Мен студент болсом, менде кайдагы акча болмок эле? Университеттен контракт маселесин бир аз убакытка жылдыра турушса жакшы болмок. Кырдаал жакшырып, ишканалар ачылып, ата-энелерибиздин жумушу жанданганда төлөсөк», — дейт студент.


Ал окуу жайда өзү гана эмес, көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан теңтуштарынын да билим акысын төлөөгө шарты жок болуп атканын кошумчалады.

Анонимдүү маек курууга гана макул болгон студенттердин бири карантинге карабастан окуу жайдан контракт төлөй баштагыла деп талап кылып жатышканын билдирди.

«Менин ата-энем жөнөкөй адамдар, экөө тең дыйканчылык менен алектенишет. Эки бир тууганым Орусияда эмгектенет, мен жана эжем студентпиз. Ал эми окуу жайда болсо карантинге карабай контракт төлөй баштагыла деп жатат. Бул эмнеси? Азыр бардык жакта карантин болсо, кайсы акчага контракт төлөйбүз? Жаз мезгили болгондуктан акчанын баарын эгин эгүүгө жумшадык, калганына азык-түлүк алдык», — деп түшүндүрдү ал.

Башка бир студенттин айтымында «азыр контрактты төлөш студенттер үчүн аябай кыйын, атүгүл тамак-ашка араңдан акча таап жатышат». Бул студентти да миграцияда жүргөн байкелери окутуп жатыптыр. «Айылда ата-энебиз камдап койгон акчаларын күнүмдүк жашоо үчүн гана иштетип жатышат. Университет жетекчилигине сунуштайт элек, качан гана карантин бүтүп, өлкөдөгү абал жакшырса төлөсөк жакшы болмок»,— деди ал.

Ош шаары. Сүрөт: Хамидулло Узаков

«Массалык түрдө баарына жеңилдик бере албайбыз»

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов студенттерге контракттарын толук төлөбөгөнүнө карабастан модуль тапшырууга уруксат берилип жатканын айтат. Анткен менен бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамендерге чейин окуу акысын төлөшү шарт дейт. Анын себебин бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин контрактты төлөбөй коюшу ыктымал деп түшүндүрдү. Ошондой эле университет жетекчилиги студенттерге массалык түрдө жеңилдик бере албасын билдирди.

«Жеңилдиктер буга чейин да берилип келген. Ал үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анан биз массалык түрдө баарына жеңилдик бере албайбыз, себеби окутуучуларга да маяна төлөшүбүз керек. Өтө турмуш шарты оорлорго гана беребиз, канча пайыздан, ким үчүн жардам берилээрин комиссия чечет. Бул боюнча атайын норма иштелип чыккан, жоболору бар. [...] Бүтүрүүчүлөргө жеңилдиктер каралбайт, башка курста окуган айрым студенттердин контракт төлөө мөөнөтүн гана узартып бере алабыз. Бул маселе карантин бүтсө студенттер менен чогуу жыйналышта каралат»,— деп түшүндүрдү Божонов.

Билим берүү министрлиги бул маселеге байланыштуу расмий билдирүү тарата элек. Министрликтен бул боюнча суроолорубузга жооп алууга мүмкүн болгон жок. Мекеменин басма сөз кызматы тиешелүү адистин контакттарын бергени менен ал телефон чалууларыбызга жооп бербеди.

Бирок буга чейин министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов «Азаттыкка» курган маегинде өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда студенттерге ийкемдүү мамиле кылуу боюнча ректорлорго сунуштар берилгенин айткан.

«Каныбек Исаков бул боюнча жана дистанттык окутуунун жүрүшү боюнча Кыргызстандагы окуу жайлардын ректорлору менен онлайн жыйын курган. Келип түшкөн кайрылуулар боюнча өзгөчө кырдаал учурунда студенттерге ийкемдүү мамиле кылуу, контракттын мөөнөтүн узартуу жана башка жагдайлар боюнча бирдиктүү чечим кабыл алуу боюнча министрлик тарабынан сунуш берилген», — деп айткан Орозматов.

Ал ошондой эле студенттерге жеңилдиктерди ар бир жогорку окуу жайы индивидуалдуу түрдө карай турганын кошумчалаган.

Кыргызстанда 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал эми коронавирус көп катталган аймактарда 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланды. Анын ичинде Ош шаары да бар. Буга байланыштуу мекеме-ишканалардын, кафе-ресторандардын жана базарлардын иши токтоду. Көпчүлүк адамдар киреше булагысыз калышты. Анын катарында студенттер жана алардын ата-энелери да бар.