Коронавирус Кыргызстанда аялдар менен эркектердин ортосунда теңсиздикти күчөттү — UNFPA

БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (UNFPA) кыргыз кеңсеси өлкөдө коронавирус пандемиясы маалында аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздик боюнча кырдаал тууралуу макала жарыялады. Алар гендердик теңсиздик күчөп, аялдарга күч келип, ошондой эле аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка көп кабыла баштаганын билдиришти.

UNFPA аргумент катары Кыргызстандагы медайымдардын абалын келтирген, анткени алар пандемия учурунда эркек медкызматкерлерге караганда коронавирус жуктуруп алуу коркунучуна көбүрөөк чалдыгышат.

Алар Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык секторунда иштегендердин 83% аялдар болгондуктан ушундай жыйынтыкка келишкен. Алардын арасынан көбү орто медперсонал — медайым, фельдшер жана акушерлер. Ошондуктан оорулуулар менен көбүнесе аялдар байланышта болушат.

Мындан тышкары, UNFPA карантин убагында үй эмгегинен улам аялдарга көп күч келип жатканын белгилешти — аялдар үйдө иштеп, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө, анын ичинде оорулууларга да кам көрүп жатышат.

Кыргызстанда жумушу бар аялдар орточо эсеп менен үй эмгегине бир күндө төрт жарым саат, тагыраагы, эркектерге караганда үч эсеп көп убакыт сарпташат. Пандемия маалында, эркектер менен аялдардын үй эмгегине кетчү убакыттарынын ажырымы кыйла чоңоюп кеткен.

Мындан тышкары, карантин шартында аялдар жана кыздар үй-бүлөлүк зомбулукка көп кабылышууда. ИИМдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январынан март айына чейин үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча кайлыруулар мурдагы жылга салыштырмалуу 65% өскөн.

Бийлик ресурстарды коронавирус менен күрөшүүгө жумшагандыктан аялдар менен кыздарды коргошу керек болгон маморгандар аларга толук түрдө жардам бере албай жатат.

Үй-бүлөдөгү зомбулуктун катталган фактылары өсүп кеткендиктен, Бишкектин комендатурасы карантин маалында иштебей жаткан кризистик борборлорду ачууга даяр. Ал жактан аялдар квалификациялуу жардам ала алышат.

UNFPA пандемия ымыркайлар менен энелердин өлүмүнүн өсүшүнө алып келиши мүмкүн деп кооптонууда. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында энелердин өлүму боюнча көрсөткүчтө узак жылдар бою лидерликтен түшпөй келген. Соңку беш жылда энелердин өлүмү дээрлик эки эсе кыскарган, бирок пандемия бул тенденцияны кайра бузушу мүмкүн.

Ага саламаттык сактоо системасынын ресурстары коронавируска каршы күрөшүүгө багытталганы себеп. Ушунун айынан тукум улоочу ден соолукту коргоонун каржылоосу жабыркашы мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жумушу бар аялдардын дээрлик бош убактысы болбойт — аны үй жыйноого коротушат