Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-апрелдеги брифингде өлкөдө COVID-19дун жаңы 13 учуру катталганын маалымдады — алардын экөөсү медкызматкер.

Чүй облусунда алты, Бишкек шаарында үч, Нарын жана Жалал-Абад облусттарында экиден адамда коронавирус шарттаган инфекция аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 708ге жетти. Өпкө илдетинен жалпысынан 416 адам айыгып, сегиз бейтап көз жумду.

Коронавирустун эң көп учуру катталды Ош облусунда — 277 учур. Анын 110у Ош шаарында катталды. Бишкек шаарында 160 адам коронавируска чалдыкты.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 113 киши аталган инфекцияны жуктуруп алышты. Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 88 адамды түздү. Чүй облусунда COVID-19 52 адамдан табылды. Ысык-Көл облусунда 10 жана Баткен облусунда 8 учур катталды. Талас облусунда бүгүнкү күндө коронавирустун бир дагы учуру катталган жок.

Учурда ооруканаларда 284 адам калууда. Алардын он экиси оор абалда — алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1012 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 2600дү түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ошондой эле 28-апрелге чейин жалпысынан 49 484 адамдан анализ алынган. Алардын баарынын жыйынтыгы чыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.