Зайырбек Ажыматов

Чыгаан акын, «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Зайырбек Ажыматов 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул кабарды анын кесиптештери тастыктады. Акындын артында жубайы, эки уулу жана эки кызы калды.

Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым» жана КТРКнын радиостанцияларында иштеген.

«Азаттыкта» үналгысында акын маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап келген. Анын акыркы макаласы 21-апрелде маркум төкмө-акын Элмирбек Иманалиевге арналып «Ким айтат эми ырыңды?» аталышта чыккан. Экөө жакын дос болгон.

Маркум «Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) ыр жыйнактарынын автору. Белгилүү акын төртүнчү китебин чыгарууга камданып жатканда кайтыш болду. 2019-жылы Ажыматов Кыргыз Руспубликасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

«Кагылайын Кыргызстан, кагылайын,

Кайраттанып карууңду жаңылагын.

Каным, жаным дартыңа шыпаа болсо,

Канатыңды сун мага, дарылайын.»

(Аман болчу Кыргызстан! ырынан алынды)

«Азаттык» жазгандай, Ажыматов — жеке тагдырын ырга салып, аны поэтикалык тагдырга айланткан акын. Бала кезинде атасынан ажырап, таянесинин колунда өскөн жана аялдарга сый-урматы өзгөчө.

«Клооптун» жамааты акындын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көнүл айтат. Ажыматовдун өлүмүн бир гана кыргыз маданияты, кыргыз адабияты үчүн гана эмес, кыргыз журналистикасы үчүн да орду толгус жоготуу.

Ушул шилтеме аркылуу акындын ырларын окуй аласыздар.