Коронавирус жуктурган дагы 21 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 21 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 29-апрелдеги брифингде билдирди.

Өпкө илдетинен айыккандардын ичинен эң көбү Бишкек шаарында катталды — 9. Нарын облусунда беш, Ош облусунда бир, Ош шаарында жана Жалал-Абад облусунда үчтөн бейтап ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 437ге жетти.

29-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун жалпысынан 729 учуру катталган. Ооруканаларда 284 адам калууда — алардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми коронавирус жуктурган сегиз адам каза тапты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.