Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун 29-апрелде брифингде айткандарын баяндап беребиз.

Коронавирустун экинчи толкунуна даярбыз

Боронов эксперттерге таянып «экинчи толкун» «дароо да», күзүндө да башталып кетиши мүмкүндүгүн жана өлкө ага даяр экенин айтты.

«Кудай сактасын албетте. Өкмөт буга даяр. Жумушту алып баруу таржыйбабыз бар. Польша менен Кытайдын эксперттери биздин иштөө алгоритмибизди жактырышты. Алар биз туура жол менен баратканыбызды айтышты. Биз дагы даярданабыз, техникалык абалды жакшыртабыз. Биз даярбыз деп ойлойбуз», — деди вице-премьер.

Коронавирустун биринчи толкунуна чейин Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминерлери өлкө COVID-19га даяр, коргоо каражаттары жана тесттер жетиштүү экенин билдиришкен. Бирок медиктер коргоо каражаттарынын жетишсиздигине же алардын начар сапатына даттанып чыгышкан. Өлкөдө коронавирустун пандемиясы башталгандан бери 191 медкызматкер коронавируска чалдыкты.

Өзгөчө абал режими

Өзгөчө абал тартиби Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылып, ал эми айрым аймактарда алынды.

Бороновдун айтымында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кырдаал жакшыргандыктан, ал жактарда ӨА режими алынган.

«Бул жерде экономикалык себептер роль ойноду, анын үстүнө кырдаал жакшырды. ӨА режимин алып салып, адамдарга талааларда активдүү иштөөгө », — деп билдирди вице-премьер.

Өлкө боюнча ӨА режими күчүндө турат.

10-майга чейин ӨА режиминде уруксат берген документтер жок шаарларга барууга болбойт — «өзгөчө жеке автоунаалар менен».

«Чач тарачтарга маршруттук барак менен барууга болот. Дүкөнгө, дарыканага да ошондой», — дейт Боронов. Ошондой эле ал 1-майдан тарта кимдин ишмердигине уруксат берилбеген болсо үйдө отуруу керектигин кошумчалады.

ӨА аяктаганга чейин бир облустан башка облуска барса болбойт

Бирок, 1-майдан тарта көптөгөн компаниялар ишке киришип жатканы менен региондор ортосунда жүрүүгө болбойт.

«Өлкө ичинде жылып жүрүүгө чектөө сакталат. Бир облустан башка облуска баруу мүмкүн эмес», — деп айтты аткаминер. Демек, жакында өлкө ичиндеги каттамдар ачылбайт. Эл аралык каттамдар да жанданбайт — «коңшу өлкөлөрдө да абал ушундай».

Жарандарды аңдуу тууралуу

Боронов коронавирусу бар адамдар менен байланышкандар табылганын жана кызматтар жакшы иштешкенин айтты.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча кимдир бирөө байкалып, ал табылбай калган учур боло элек», — дейт аткаминер.

Анын айтымында, байкоо үй карантинине жөнөтүлгөндөрдүн макулдугу менен орнотулган.

«Алардын уруксаты менен геолокация жана санариптештирүүнүн жардамы менен байкоо койдук, алардын телефонун жардамы менен алар кайсы маршурт менен кай жерде жүргөнүн билебиз», — деди ал.

Үй карантинин бузгандар да бар. Буга чейин ИИМ 151 адам үй карантинин бузганын кабарлаган. Бороновдун айтымында, алардын алтоосу боюнча материалдар сотко берилген жана алар 30 миңден 60 миң сомго чейинки штрафка жыгылат.

Кимден жуктуруп алгандары түшүнүксүздөр тууралуу

Боронов обсервацияда жана үй карантининде жүрбөгөн адамдарда да коронавирус аныкталып жатканын билдирди.

«Алар кантип жуктурушканы, ким менен байланышта болушканы белгисиз. Балким жашырып, өздөрүн-өзү дарылап жүргөндөр же билбегендер», — дейт Боронов. Адамдар 114 «жуктуруу очокторунда» текшерилип, коронавируска шектелгенде экспресс-тест жүргүзүлүп жатат.

Тойлор тууралуу

Адамдардын санаасын алган суроолордун арасында той өткөрүү темасы да бар болуп чыкты — карантинден кийин той өткөрсө болобу?

Боронов билдиргендей, карантин жана инфекция жуктуруп алуу коркунучу өтүп кеткенден кийин «элдик салттарды» сактоо менен мурдагыдай эле жашаса болот.