Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 29-апрелдеги брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 21 учуру катталганын маалымдады — алардын алтоосу медкызматкер.

Өпкө илдетине Бишкекте он үч, Нарын облусунда алты, Ош жана Баткен облустарында бирден адам чалдыкты. Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 729га жетти — анын 191и медкызматкер.

Аймактар боюнча: Жалал-Абад облусунда – 113, Ош облусунда – 161, Ош шаарында – 110, Чүй облусунда – 52, Бишкек шаарында – 180, Баткен облусунда – 9, Нарын облусунда – 94, Ысык-Көл облусунда – 10.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 3009ду түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган.

Ал эми инфекциялык ооруну шарттаган илдеттен сегиз киши каза таап 437 бейтап айыкты. Ооруканаларда бүгүнкү күндө 284 адам жатат — алардын ону оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө төрт бейтап которулган. Жалпысынан өлкө боюнча обсервацияда миң адам жатат.

Ошондой эле 29-апрелге чейин жалпысынан 50 775 адамдан анализ алынган. Өткөн сутка ичинде 1995 изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.