Ошто тургундар үйлөрүнүн жанында обсервация жайгашканына нааразы болушууда

Ош шаарындагы Масалиев проспектисиндеги №55 үйдүн  тургундары

Ош шаарынын тургундары үйлөрүнүн жанындагы Мамбеталиев клиникасынын обсервацияга айланганына нараазы болуп жатышат. Аталган ооруканага чет өлкөдөн кайтып келген кыргызстандыктар жайгаштырылган.

Жашоочулардын айтымында, Масалиев проспектисиндеги жеке менчик клиника алар жашаган көп кабаттуу турак жайга жакын жайгашкан. Мындан улам жарандар өздөрүнүн жана балдарынын саламаттыгы үчүн кооптонуп жатышат. 

«Ошол жерде медкызматкерлер атайын коргонуучу кийимдерин алмаштырып жатышат. Иштетилген коргонуучу каражаттарын калтырып, обсервациядагылар менен контактта болуп, биздин үйдүн айланасында басып жүрүшөт. Эл дүкөнгө нанга, таштанды ыргытканга чыгышы керек, коркуп чыга албай калышты. Баары стрессте, баары коркуп жатышат», — деди үй башчысы Жамиля Абдуллаева.

Абдуллаева клиника 10 жыл муруну мыйзамсыз ачылганын, кайрылган жактардан эч кандай жыйынтык болбогонун айтты.

«Дааратканасынын канализациясы бизге кошулат, бүт таштандыны биздин урнага салышат. Ал урна менен биздин балкондун терезесинин аралыгы ашып кетсе 6 метр. Терезелерди ачып, үйдү желдете албай калдык. Бизди уккан эч ким жок, үнүбүз эч жака жетпей калды», — деп кошумчалады ал.

Аталган үйдүн жашоочусу Кыздаркан Ахмедова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошу үчүн кабатыр болуп жатканын айтат. Себеби ал жолдошун күн сайын башка ооруканага алып баруу үчүн клиниканын жанынан өтүүгө аргасыз.

«Биз ушул №55 үйдүн жашоочусубуз. Менин күйөөм 4 жылдан бери гемодиализ алат, колу-буту иштебейт, башка ооруканага такси жалдап алып барышым керек. Такси клиниканын алдына келет, вирус жугуп калчу болсо эмне болом деп күйөөм аябай коркуп жатат», — деп билдирди Ахмедова.

Жашоочулар «Клоопко» жолдогон видеодон комендатуранын кызматкерлери менен ондогон тургундардын чогулганын көрүүгө болот. Алар комендатура көйгөйдү чечүү үчүн клиника менен көп кабаттуу үйлөрдү байланыштырчу жолду жаап беребиз деп убадалап, бирок эч кандай иш-аракеттер болбогонун айтышты.

Оштун комендатурасынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» «клиникада коронавирус жуккандар жатат» деп айтуу азырынча эрте экенин айткан. Ошондой эле комендатура элди бул жагдайды туура кабыл алууга чакырды.

Ош шаарында коронавирустун 110 учуру катталды. Анын ичинден бир киши каза таап, 78 адам айыкты.