Сузактын 71 жаштагы тургуну коронавирусту кантип жуктуруп алганын айтып берди

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска чалдыккан алгачкы кыргызстандыктардын бири, 71 жаштагы Сузактын тургуну тууралуу айтып берди.

Февралдын аягында карыя аялы менен кошо кичи ажылыкка учуп кетип, 13-мартта кайтып келген. Кыргызстанда алардан анализ алынып, үйлөрүнө жиберилген — ал учурда Сауд Арабиясынан кайтып келгендер үчүн милдеттүү эки апталык обсервация жок болчу.

Карыяда үйүндө жүргөндө кургак жөтөл пайда болгон, бирок ал суук тийип калды деп ойлогон. Анткен менен тургундун коронавируска ташырган анализи оң жыйынтык көрсөтүп, 17-мартта Жалал-Абад облклиникасына жаткырылган. COVID-19дан сырткары, карыяда диабет жана гипертония оорулары да бар болгон.

«Тамак тузсуз, таптакыр эле даамсыз болуп туруп алды. Ошондо анан врачтар бул Covid-19дун белгилери экенин түшүндүрүштү», — деп келтирет карыянын сөздөрүн Саламаттык сактоо министрлиги. Жөтөл жана даам сезбей калуудан тышкары, тургун демигип, ооруканадан кислород беткабына туташтырылган.

Учурда сузактык карыянын ден соолугу жакшы жана ал үй-бүлөсү менен бирге. Тургун анализдери терс жыйынтык көрсөткөндөн кийин эле ооруканадан 6-апрел күнү чыгарылган.

«Азыркы учурда карыянын жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна эч нерсе коркунуч жаратпайт», — деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Ала-Буканын 85 жаштагы бейтабынын окуясы менен да бөлүшкөн. Ал да хадждан келген, бирок вирус бейтапта белгилерин көрсөтпөй өткөн. Карыя коронавируска тапшырган тести терс болуп чыккандан кийин ооруканадан чыгарылган.