Зайырбек Ажыматов. Сүрөт: "Азаттык" үналгысы

Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматов 44 жашында кан басымы капыстан түшүп кеткендиктен каза болду. Чыгаан акынды онлайн эскерүү иш-чарасы 30-апрелде саат 16:00да «Азаттыктын» кеңсесинде өтөт.

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер 1-майда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Маркум менен коштошуу зыйнаты анын «Дордой» конушундагы үйүндө саат 09:30да башталат.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Азаттыкка» курган маегинде Ажыматов жакын досу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин артынан кетти деп айтты. Он күн мурда Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эле. Анын кесиптештери жана калемдештери ошол күндөн тарта Ажыматов кайгыга батып, өзүн коёорго жер таппай жүргөнүн айтышууда.

«Элмирбек жерге берилгендин эртеси эле Зайырбекке чалып, “кайрат кыл, өзүңдү кара, ажал деген ушундай экен” дедим эле. “Зайырбек, ажал деген улук, өзүңдү сактай көр” дегем. Эмне үчүн ошентип айтканымды билбейм, туюмда бир нерсени сезген окшойм. Акын деген опуртал болчу эле, өзүн аябай, күйүп кетчү эле деп ойлоп жаткам. Анын үстүнө мындай кезинде элине өтө алынып кеткен Элмирбектей улуу кишилер кеткенде, жакын, кыйбас кишисин ала кетчү эле деп, ичимден толгонуп, сыртымдан билгизген эмес элем», — деди Дүйшеев.

Ажыматовдун фейсбуктагы акыркы посттору Иманалиевге арналып жазылган. Эми болсо акынды жакындары, калемдештери, кесиптештери, күйөрмандары эскеришүүдө.

«Эмике, мен сага эч качан таарынган эмесмин. Себеби сен таарынта турган адам эмес элең... Мен сага эми таарындым. Өлбөй эле койсоң болмок да» — деп күйүт тартып жүргөн ал.

Акын Мирлан Самыйкожо досу Зайырбекти төрт сап ыр менен жоктоп, анын «Салам дос» аттуу ырын бөлүштү.

«Улуйт көңүл көөдөнгө жара бүтүп,

Ушул кышта жүрөктү алат үшүк.

Жалгыз калдым, жап-жалгыз дебейинчи,

Жандап калды бир гана кара күчүк...»

Ал эми манасчы Рысбай Исаков фейсбукта мындай деп жазды: «Жан досуң эле Элмирбек, жанына кошуп алдыбы, жалгызым Заке келгин деп».

Ажыматовдун бир нече ырына обон жараткан обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошев акын жөнөкөй, адамгерчиликти бийик туткан, чынчыл адам болгонун айтат.

«Зайырбек аке кыргыз поэзиясындагы өз үнү, өз стили бар, лирика менен жарандык поэзияны катырып жазган талант эле. Бу кишинин ошол эле кезде жөнөкөй, ошол эле кезде татаал текстин тандоого көп обончу батынган жок окшойт. Мен ал кишинин "Жарты кайык", "Кош дебечи" сыяктуу жалпы төрт-беш ырына обон жаздым. Дагы бир ырына обон салалы деп турганбыз», — деди ал.

«Акылың менен таймаш, парасатың менен таймаш»

ЖМКлардын бирине берген интервьюсунда Ажыматов «Нөлү көп жылдар» ыр жыйнагында көтөргөн темага кайрылып, коомдо обу жоктук тренд болуп кеткенин, абийир болбосо адам баласы дүнүйөсү менен мактангысы келип калаарын айткан.

«Мисалы жапондордо жүз кишинин бири миллионер дейбиз го, бирок алар кадимкидей эле коомдук транспорт менен жүрүп, кадимки эле адамдардай жашап жатпайбы. Миллионердигин көрсөтпөй эле ишмердүүлүгүн өнүктүрүп атат. Бизде болсо эгемендиктин алгачкы 30 жылында байлык деген ушул турбайбы дешип… Айланып келип отуруп акча культ болуп кетип жатат да. Бул эми абийири бар кыргыз үчүн уят нерсе да. Дүнүйөнү культ кылган бул — уят нерсе. Акылың менен таймаш, парасатың менен таймаш, анан үйүң менен, үйүңдүн бийиктиги менен таймашкан — бул уят», — деп түшүндүргөн ал.

Акын абийирди жоготпоого, билим алууга, жан дүйнөнү байытууга, турмуштун оош-кыйышына чөкпөй, адамзатка сый-урмат менен мамиле кылууга чакырчу. Чыгармачылыгында мекенди сүйүү, энени кадырлоо, махабат темаларына өзгөчө басым жасап, балдарына арнап ыр жазган.

Ал эми Ажыматов менен көп жылдар бою чогуу иштеген журналист Аскер Сакыбаева, маркум «баралына келип, толуп-ташып, элине берчүсүн бере турган куракта эле» дейт. Ал Ажыматов кайтыш болбогондо, элине дагы да болсо мыкты чыгармаларды тартууламак деген ойдо.

«Алардын ичинде Зайыр өзгөчө болуп турчу. Ошол замандагы жашоонун өйдө-ылдыйына карабай, адамды адам карабай калган кезде, көңүл калууларга, ар кандай нерселерге туруштук берип, мекен үчүн күйүп жанганын көрсөтө алды. [Өзүн] мыкты акын, мыкты журналист, мыкты публицист катары таанытты», — деди журналист.

Карлыгачтын камкор атасы

Бала кезинде атасынан ажырап, тай энесинин колунда өскөн акындын аялзатына сый-урматы өзгөчө болгон. Социалдык тармактарда Ажыматов балдары тууралуу, өзгөчө кенже кызы Карлыгач жөнүндө байма-бай жазып, видео жана сүрөттөрдү чыгарып турган. Балдарынын жетишкендиктерин айтып, сыймыктанганын жашырчу эмес.

«Анда 2-класста окуп жаткан учурум. Балдар чогулуп айылыбыздын жанындагы дөбөчөдө ойнойбуз. Күн кызарып батар кезде, балдардын аталары жумуштарынан кайтышат. Жолун тосуп ойногон балдар атакелеп жүгүрүшчү. Дале эсимде, ошентип балдар жүгүрүп кетти, жанымды карасам эч ким жок. Жалгыз мен дөбөдө калыптырмын. Атам келбейт эле, себеби ал мен төрт жашымда каза болуп калыптыр. Атама болгон сагынуум күч алып турса керек, бир чети, ошол мүрзөдөй болгон дөбөдө калганым мени муңга салса керек», — деп балалыгы тууралуу ал басылмалардын бирине маек курган. Акындын артында апасы, жубайы, эки уулу жана эки кызы калды.

Ал эми акындын Карлыгач окуган мектептен ага «Эң мыкты» ата деп белек кылышканын жана бул ал үчүн аябай жагымдуу болгонун да айтканы бар.

«Мугалимдер Ата Журт деген эмне, ата-эне, ата деген эмне дегенди балдарга үйрөтүп, жакшы таасир бериптир. Ушундай маселелерди мектептен, бала бакчадан баштап балдарга сиңире баштаса алардын жүрөгүндө башкача сезимдер ойгоно баштайт окшойт деп калдым. Бул жалпы мектептер практика кыла турган, пайдалана турган көрүнүш экен», — деп ой бөлүшкөн Ажыматов.

Адабиятчы Гүлзада Станалиева Ажыматовду камкор ата, биздин доордун акыны жана журналисти эле деп эскерет.

«Айрыкча, кызына ушунчалык камкор ата болгонуна ыраазы болчумун. Биздин доордун акыны, биздин доордун журналисти эле. Кыргыз маданиятынын кыбыр эткен окуясын көз жаздымда калтырчу эмес. Адабиятка, киного жана башка көркөм өнөргө байланыштуу окуяларга кызыгып, бирок бара албай калсам, Зайырбектин уктуруусунан угуп алам деп компоюп койчу элем. Зайырбек нары жаңылык окуясын үстүрт эмес, талуу жеринен кармап берчү. Ал ушундай жагы менен азыркы мезгилдеги маданият жаатындагы журналистиканын өңүтүн чыгарып берди. А акындыгы болсо, өзүнчө сөз кылууга арзыган доордун үнү угулуп турган поэзия болчу. Элиңе, заманыңа ушул кыска өмүрдө колуңдан келишинче кызмат кылып бердиң, Зайырбек. Шашып кетип калдыңар Элмирбек экөөң. Бирок ошол кыска өмүрдө жаккан отуңардын жалыны тээ келечектеги доорлордо жалбырттап көрүнө тургандай жашадыңар», — дейт Станалиева.

Ажыматов кызы Карлыгач менен

Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктап, ошол эле жылы журналистикадагы эмгек жолун «Асаба» гезитинен баштаган. Андан соң «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым», «Бишкек Таймс» жана КТРКнын радиолорунда эмгектенип, акыркы жылдары «Азаттык» үналгысы менен кызматташып, маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап жүргөн.