1-майда акын жана журналист Зайырбек Ажыматов менен коштошууга 200дөн ашуун адам келди.

Акындын үйүнүн алдына туугандары, жакын достору жана анын чыгармачылыгынын күйөрмандары чогулду.

«Коомдук ишмер Султан Раев, маданият министри Азамат Жаманкулов, акын жана анын жакын досу Шайлообек Дүйшеев келди. Карантинге карабастан анын чыгармачылыгынын сүйүүчүлөрү келишти», — деп кабарлайт «Азаттыктын» журналисти.

Акын 44 жашка чыкканга бир ай калганда, 29-апрелде кан басымы төмөндөп кеткенине улам каза болду.

Журналисттер поэт 20-апрелде дүйнөдөн кайткан досу Элмирбек Иманалиевди жоготуп алуусун жеңе албай калганын жазышууда.

«Мурда-кийин оор дарты жок акынга балким ушул санаа таасир эттиби дегенибиз да ошондон», — деп жазат «Азаттык».

Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талан, таанымал төкмө акын, манасчы, дастанчы, обончу жана актёр болгон.