Депутат Дастан Бекешев фейсбук баракчасында комендатуранын коррупцияга алып келиши мүмкүн болгон талаштуу чечимдери тууралуу пост жарыялады.


«1-майдан тарта таксисттер иштеп башташат. Бирок комендант патент бар болсо гана дейт. Алдын ала жарым жылга сатып алган таксисттерден башкасында патент сатып алууга жана Социалдык фондду төлөөгө акчасы жок.

Патенти жоктор 1-майдан тарта иштей албайт. Салык кызматы эс алууда. Бүгүн эмгекчилдердин күнү. Бирок 2-майдан баштап салыкчылар иштеп башташат. Анткен менен 2-майды күтүп отурбастан эле аны салык кызматынын сайты аркылуу сатып алганга аракет кылып көрсө болот.

Мен премьер-министрден эки нерсени сурадым:

1) Таксиге болгон ыктыярдуу патенттин коюмун төмөндөтүү;

2) Электрондук өткөрмөлөрдү алып салуу.

Силер бул өткөрмөнү алгычакты 10-май келип калат, анткени 100 миң өткөрмө баракты берүү үчүн бир мүнөтүнө 13 даанадан беш күн бою тынымсыз берип туруш керек болот. Бул реалдуу эмес.

Мындай чечимдер коррупцияны жана таксисттердин чөнтөгүнөн МАИчилердин чөнтөгүнө акчанын агымын көбөйтөт».


Ал парламенттин отурумунда 1-майга карата борбор калаадагы бардык блокпосттор алынаары айтылганда ушундай эле суроону Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиевге узаткан.

«Ал посттор алынса анда электрондук өткөрмөнүн кереги эмне? Ал качан даярдалат? 120 миң адам жумушка чыгат, ал өткөрмөлөрдү кантип алышат?», — деп суроо узаткан депутат 30-апрелде, ал эми комендатура өткөрмө барактарды берүүгө үлгүрөт деп ишендирген.

1-майдан тарта айрым ишканадар ишин баштай алышат, ал үчүн атайын өткөрмө барактарын алуу керектелет. Ошондой эле вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 10-майга чейин ӨА режими иштеп аткан шаарларда уруксат документтери жок, «өзгөчө жеке унаалар менен» жүрүүгө болбосун билдирген. Ошол эле кезде болгону коомдук транспорт — троллейбус жана автобустар гана — 11-майдан тарта иштей алышат.

ӨА режими иштеп аткан шаарларда мурдагыдай коменданттык саат күчүндө, ал эми кай бир жактарга маршруттук барак менен гана чыгууга болот.

«Чач тарачтарга маршруттук барак менен барууга болот. Дүкөнгө, дарыканага да ошондой», — деп билдирген Боронов. Ошондой эле ал 1-майдан тарта кимдин ишмердигине уруксат берилбеген болсо үйдө отуруу керектигин айткан.