Эмне болду?

30-апрель күнү өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Каныбек Иманалиев өзгөчө абал маалында ишмердүүлүктү жандантуу тууралуу өкмөттүн токтомун сынга алды. Депутат токтомдун тексти коңшу Казакстандыкынан көчүрүлүп алынган деп эсептейт.

«Биринчи пунктта 1-майдан баштап иштей турган экономиканын тармактарын жазыпсыз да — химиялык өнөр жай, машина куруу, прибор иштеп чыгаруу. [Булар] Кыргызстанда барбы? Анда жазып койгула: кеме курууга, ядролук жана атомдук куралдарды чыгарууга, космостук өндүрүштү чыгарууга 1-майдан баштап уруксат беребиз деп. Казакстандан көчүрүп алганыңарды кичине жашырбайсыңарбы?» — деп айткан депутат.

Буга жооп ирээтинде өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев химиялык өнөр жай, машина куруу жана башка тармактарда иш жүргүзгөн ишканалардын тизмесин берем деп билдирди.

Өкмөттүн реакциясы

Адилет Султаналиев

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев 1-майда Каныбек Иманалиев «өлкө кандай жашап жана эмне өндүрүп жатканына көбүрөөк көңүл бурушу керек экен» деп билдирди.

«Балким депутат өз өлкөсүнүн экономикасынын түзүмүнө караганда коңшу Казакстандын экономикасын же чет өлкөлүк кесиптештеринин мыйзамдарын жакшы билсе керек», — деп келтирет Султаналиевдин айткандарын Kaktus.Media басылмасы.

Анын айтымында, Кыргызстанда эми «Дастан» прибор иштеп чыгаруу заводу, «Кыргызнефтегаз» тармагынын бүткүл нефтегаз иштерин аткаруучу «Джунда» нефть иштетүүчү заводу, «Автомаш-Радиатор» жана Бишкектин машина куруу заводдору, Майлуу-Суу ири лампа чыгарган заводу жана башка, негизинен, энергетикалык сектордогу бүтүндөй бир катар өндүрүштөрдүн ишине уруксат берилген.

«Мындай объекттер, алардын жамааты жана өндүрүш ишмердиги — Нарын дайрасындагы жомок крокодилдер эмес, алар бар жана жарандарды жумуш жана киреше менен камсыздап иштеп жатышат», — деп айтылат басма сөз катчынын билдирүүсүндө.

Өкмөттүн буйругунда копипаст барбы?

Муну менен окуя аяктабайт, анткени твиттердин колдонуучусу Абай Шерик 1-майда өз аккаунтунда өкмөттүн сайтынан алынган скриншотту жарыялаган. Скриншотто өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругунун тексти көрсөтүлгөн.

Скриншоттогу текстте мындай деп жазылган: «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы менен ооруган учурдун аныкталганына байланыштуу, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Казакстан Республикасынын Мыйзамына ылайык:

Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып өзгөчө абал режими киргизилсин».

Азыр өкмөттүн сайтындагы буйруктун тексти башкача көрүнөт. Эми ал жакта болгон жерде Кыргыз Республикасы деп көрсөтүлүп, ӨА режими ӨК режимине оңдолгон, себеп дегенде ӨА тартиби Кыргызстанда 25-мартта киргизилген.

Өкмөттүн реакциясы

Өкмөттүн басма сөз кызматына кайрадан үн катууга туура келди. Алардын маалыматы боюнча, өкмөттүн расмий сайтында Кыргыз Республикасынын аталышы туура эмес көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат «чындыкка коошпойт».

«Өкмөттүн сайтында өлкөбүздүн аталышы туура көрсөтүлгөн тийиштүү буйрук жарыяланган. Республиканын аталышында кандайдыр бир каталар болушу мүмкүн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өкмөттөн түшүндүрүшкөндөй, документтерди орусчадан кыргызчага которууда каталар чыгышы мүмкүн.

«Буга чейин, сайтка орус тилинен кыргыз тилине которуп турган белгилүү бир автоматтык жөндөөлөрү бар компьютерлерден же смартфондордон киргенде ушундай учурлар байкалган, айрым сөздөрдүн туура эмес котормолору бар болгон, ошондой эле ысымы менен фамилиясынын котормосу такыр түшүнүксүз жерлер бар болгон. Ошол эле учурда, сайттын орус тилдүү версиясында чындыгында бардык ысымдар жана фамилиялар туура жазылган», — деп билдиришти өкмөттөн.