Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 42 адам айыкты

Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылган бейтаптардын бири. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде өлкөдө коронавирустан дагы 42 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 1-майда маалымдады.

Өпкө илдетинен айыккандардын эң көбү Нарын облусунда катталды — 11. Ош шаарында 10, Ош облусунда 9, Бишкек шаарында 8, Жалал-Абад облусунда 3 жана Ысык-Кл облусунда бир бейтап үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 504кө жетти. Бул инфекцияны жуктуруп алгандардын 66 пайызын түзөт.

Кыргызстанда 1-майга карата коронавирустун жаңы 10 учуру катталды — жалпысынан 756 учур. Ооруканаларда 244 адам жатат — алардын бешөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.