Ошто 1-майдан тартып жети тармактын иши жандандырылды

Ош шаары. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

1-майдан тартып Ош шаарында айрым тейлөө жана соода-сатык жаатындагы ишканалардын иши жандандырылды. Буга чейин коронавирусту жайылтпоо максатында жана шаарда өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу дээрлик бардык ишкерлердин жана компаниялардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилген.

Оштун мэриясынын маалыматына ылайык, шаарда өнөр жай жана өндүрүш ишканалары, курулуш тармагы, транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөр, чач-тарач жана сулуулук салондору, нотариустар, уюшулган такси кызматы жана айрым соода тармагынын ишмердүүлүгүн жандандырууга уруксат берилди.

Уруксат берилген айрым соода тармактардын ичине интернет дүкөндөр (курьердик кызмат менен кошо), курулуш материалдарды жана кездеме, фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү кызматы, ошондой эле авто-велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү кирди.

Белгиленген бардык чөйрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып барышы кажет.